Menu

Жылдыз Жолдошова: “Батыровчу-сепаратисттер кайрадан баш көтөрүп, Кыргызстанга сокку урууга камынууда!”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдыз Жолдошова маалымат жыйынын өткөрдү. “Олуттуу маалыматтарды ачыкка чыгарам”, – деген экс-депутат сөз нугун 2010-жылдагы Ош окуясынын чыгышына себепкер катары сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровго бурду.

Кадыржан Батыров июнь окуясынан кийин Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. Ошондуктан, сот иши анын катышуусу жок жүргүзүлүп, чечим дагы сыртынан чыгарылган. Ошол убакыттан бери издөөдө жүргөн сепаратист кайсы жерде күн өткөрүп атканын Жолдошова өзүндөгү маалымат булактарга таянып, айтып берди.

“Батыров Швециянын Стокгольм шаарынан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан шаарда жашап атат. Азыр ал жанына пикирлештерин чогултуп, Кыргызстанга сокку урганга камылга көрүп жүрөт. Ага шериктеш болуп, сепаратисттердин коомуна киргендердин арасында Алишер Сабиров, Салижан Батыров жана Салижан Шариповдор бар. Булардын аракетинен улам биздин эмне күтүп атканын билесиздерби? Булардын максаты Ош облусун автономияга айлантуу болуп турат. Мына, Кадыржан Батыров ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөдү. Муну кандай түшүнсө болот? Бул сепаратисттер кайрадан баш көтөрө баштады деген белги. Июнь айында Салижан Шарипов Кыргызстанга келип, абактагы Азимжан Аскаров менен скайп аркылуу байланышкан. Бир сепаратисттердин коомунда болушканы үчүн Кадыржан Батыров бардык мүлкүн Салижан Шариповго өткөрүп берген. 2010-жылдагы окуянын кайталанышына жол бербешибиз керек. Сепаратисттин дүйнөлүк аянтчага чыгып сөз сүйлөп атканы бизге жасалган эскертүү”, – деди Жолдошова.

Ал бир убактарда катуу чуулган жараткан “Чөөлөрдүн сааты” аттуу китепти жазган  жана демөөрчү болгондор кимдигин жакшы билээрин жашырган жок. Айтымында, өзүнүн кесиптеши, ЖКнын 4-чакырылышынын депутаты Алишер Сабиров бул китептин жарыкка чыгышына түрткү болгон.

Ошондой эле экс-депутаттын белгилешинче, “эл аралык издөө жарыяланды”- делип аткан Батыров эркин эле жүрөт, ага эч кандай Интерпол издөө жарыялаган эмес.“Батыров Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн өзбек улутун геноцид кылган деп айыптап атат. Аны угуп Убактылуу өкмөт мүчолөрү унчукпай, кантип чыдап отурушат? Ушинтип унчукпай отуруша беришсе, жакында Гааганын айыптуулар отурчу отургучуна кантип барып калышканын билбей калышат”,- деди ал.

Жылдыз Жолдошова президентке сепаратисттерди таап, тийиштүү жаза берүү өтүнүчүн жолдоду: “Урматтуу президент, сиз 31-августта борбордук аянтта сүйлөп атып, 2010-жылдагы банк ячейкаларынын тонолушу, мародерчулук кылмыштарынын бети ачылат, июнь окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрү мыйзам чегинде жазаланат деп айттыңыз эле. Сөзүңүзгө туруп, сепаратисттерди Кыргызстанга алып келип, жоопкерчиликке тартыңыз. Болбосо, айтылган сөзгө турбаса, эл ичиндеги кадыр-барк кетет”.

Г.Турусбекова

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: