Токсон тогуз жолу митинги өткөзөбүз, эслишто!..
Кечээ кеч бешимде: “Борбор аянтка жалаң токсон тогуздар чогулат, келгиле!” деп бир гезит жарыя жибергенкен, бардык. Барсак, аянт толтура эл! Таңгалдык?!..
Көрсө, ошончо эл ким токсон тогузкенин көргөнү келгендеркен, кхы-хы-хы!..
Жаагын жанса, димидирол берип тынчыт!
Катыны:
-Ай, шүмшүк?..
-Эмине болду, эссиңе ыспокойножарачыккыр?..
-Атаңкакбашы болду, менин суволучум! Эртең биздин эмеде виреднус үчүн он беш бросент төлөп бермей болушту, сылыш?!
-Сылыш, сылыш. Сен ал жерде дагын тилиңдин уусун төккөнкенсиң да, йэ, карагым?!.
Жарым карыш артка жылмай жок!
Апасы баласына:
-Сага мен алты алма бердим дейли. Жартысын иниңе бердиң дейли, ошондо сенде канча алма калатле?..
Баласы:
-Беш жарым алма, апа…
Шукмуш парадис окшойсуң?!.
Мугалимге бирөө телефон чалат:
-Ало, Майрамкан Маашырбекович бекен?
-Ооба, эмине болду?
-Бүгүн Астапан сабакка баралбайт.
-Эмне үчүн?
-Ичи шалтактап өтүватат.
-Бул ким болдукен сүйлөваткан?
-Бул мен — менин атам…
Маска-шоу
Бетке маска жасоонун жаңы түрү: лимондун бир тилигин алабыз.
Тарелкеге кесебиз.
Рюмкеге коньяк куябыз.
Коньякты шыпкап ичип, артынан лимонду жейбиз… Жүзүбүз жарк этип жайылып, өзүбүздү бир заматта жапжаш сезип кетебиз, йе, бурадар!..
Гиде мой тупилий?..
-Астапан, кечээ силер гезитке кароолчу керек деп жарыя бериваткандай болдуңарле, жыйынтык барбы, ыя?
-Опшум, жыйынтык бар. Ошо түнү үйгө ууру тийип, бүт көтөрүп кетиптир…
Ичиң өтөлекте өзүңөт!..
-Эгер жашыл адамды көрүп калсаңыз, эмне кыласыз?
Бул суроонун жыйынтыгы:
60% — ичкиликти токтотом.
30% — ичип баштайм.
9% — тезинен психиатрга барып көрүнөм.
Бир секелек кыз минтип жооп бериптир:
-Көчөнүн аркы өнүзүнө өтөм…
Кеттим, кеттим Нарынга…
-Нарында жай экенин же кыш экенин кантип аныктаса болот, эй?
-Мен чүйлүкмүн, билбейткемин. А кантип аныктаса болот?
-Нарындыктар кышында палтоосунун топчусун илливой убакта бүчүлөп жүрүшөт.
-А жайындачы?
-Жайында нарындыктар бүчүсүн чечип коюп, жагжайып гана жүрүшөт…
Балабал
Дүкөнгө тестиер бала кирип, сатуучуга банка сунат:
-Бал куюп бересизби.
-Үч литирге толтурабы?
-Ооба, толтура.
Сатуучу катын банкеге толтура бал куюп берип болуп:
-Алты жүз сом төлө.
Анда тиги бала:
-Атам балдын акчасын эртең келип өзүм төлөйм деген…
Анда сатуучу катын:
-Атаңкуучокусу! Булардын деле акылдуусун көр!- деп туруп банканы балдан бошотуп балага итерет.
Бала сыртка чыгып банканын ичин карап көрөт да:
-Атам туптуура айтканкен, мунун ичинде дагы эки каламага кенен жетерлик бал барекенго…
Марага биринчи ким келдиле?..
Үшкөлгө жаңы мугалим келет. Бүт класс учурашып тура калат.
-Отургула,-дейт жаңы мугалим,- мен өзүм атамекенчимин. Аты-жөнүм Марадир Толтурамуздаткычыйип. Эми силер да мен сыяктуу таанышкыла, давайщ
-Мен атамекенчимин. Аты-жөнүм Аптарыйкат.
-Ме атамекенчимин, аты-жөнүм Айсалкын.
-Мен камунисмин, аты-жөнүм Астапан.
Мугалим мостоюп:
-Астапан, сен эмнеге камуниссиң?
-Чоң атам камунис, чоң апам камунис, тегереги бүт камунис. Ошондуктан, мен да камунис.
Мугалим ээгин өйдө каратып:
-Астапан, эгер сенин апаң шуркуя болуп калса, атаң нашакур болуп калса, достору бүт алкеш болуп калса, сен эмне болотлең?
-Анда мен атамекенчи болмокмунго…
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ