Menu

Аскер сотторун жоюу жана алардын бирдиктерин жергиликтүү сотторго өткөрүп берүү демилгеленүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Демилгечилер – депутаттар Шыкмаматов А.Н., Масалиев И.А., Кодуранова А.С., Сабиров М.Э., Шайназаров Т.У., Пирматов И.А., Аттокуров Д.Б..

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Алмамбет Шыкмаматов баяндама жасады.

Мыйзам долбоору менен аскер сотторун жоюу жана республиканын аскердик сотунун судьялык бирдиктерин Кыргыз Республикасынын иш менен өтө көбүрөөк жүктөлгөн жергиликтүү сотторго өткөрүп берүү каралган, себеби  аскердик соттун судьяларынын иш көлөмүнүн басымы өтө эле аз, эмгек акысы башка жергиликтүү соттун судьяларынын эмгек акысынан бир нече жолу жогору, ошондуктан аскердик сот системасынын болушу максатка ылайыктуу эмес деп берилет. Мыйзам долбоору менен ошондой эле аскердик соттордун аппаратынын кызматкерлеринин штаттык бирдиктерин республиканын жергиликтүү сотторунун аппараттарынын түзүлүштөрүнө өткөрүп берүү каралат.

Жыйын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков аскердик жааттагы жашыруун материалдар менен жергиликтүү соттор камсыз боло албастыгын белгиледи. Жогорку соттун төрайымынын орун басары Качыке Эсенканов аскер соттору эч кандай адистештирилген сот эместигин билдирип, бүгүнкү күндө бул ашыкча чыгым гана экенин айтты. “Аскер соту жоюлса эле сот адилеттигине доо кетпейт”,- дейт ал. Ал эми аскер прокуратурасы, К.Эсенкановдун пикиринде, керек орган. Себеби, бул багытта мобилдүү, ыкчам тергөө керек.

Аскер сотун жоюу боюнча депутаттардын кайчы пикирлеринен соң тармактык комитеттин корутундусу менен мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорудааталган мыйзам долбоору менен бир пакетте кетип бараткан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жазык-процесстик кодекске, Жарандык процесстик кодекске,“Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө”, “Аскердик наамдарды, класстык чендер, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө”,“Саясий жана диний ынанымдары үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жана чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу” мыйзамдарга) 1-окууда дагы добуш берүүгө жиберилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: