Menu

Экс-министр Турдубаев энергетикадагы таасирин жогото элек

Бөлүшүү:

Тээ ала жайда эл өкүлдөрүнүн каникул учурунда КСДП фракция лидери Иса Өмүркулов депутаттардын жоон тобун ээрчитип, өлкөбүздү түрө кыдырып, карапайым элдин муң-зарын угуп, айрымдарына жеринде жардамын берип кайткан. Балыкчы калаасына барганда шаардык РЭСтин башчысы Айдар Абубековдун өзүм билемдик, карапайым элдин эч кимисин тоготпогон жүрүшүн жергиликтүү эл КСДП башчысына айтышса, Иса Шейшенкулович эл менен эсептешпеген энергетикти жогорку жетекчилик менен сүйлөшүп, дароо иштен бошоттурган. Бошогон орунга мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди билесиңер да, ошонун өкүл баласы Айбек Тобокелов конду. Темир Сариев өкмөт башына келип, арааны жүрүп турганда премьер-министрдин кеңешчиси болгон К.Турдубаев ушул күндөрү Бүткүл дүйнөлүк банктын Бишкектеги кеңсесинде энергетика боюнча эксперт болуп, тирилигин кылдыратып жүрөт. Өкүл атасы аркылуу карьералык өсүш жасаган Айбек Тобокелов эми түз иштебесе балыкчылыктар тез эле айдап жолго салышы мүмкүн…

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: