Эгемендүүлүктүн 25 жылдык майрам-шаңы быйыл кызык маанайда уланды. Президент Атамбаев майрам күнү кыргызстандыктарды «алтын шилекейлерин» чачыратуу менен куттуктап, ага удаа ЗООгө жакын ар тармактын өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды шагырата ыроолоду. Алардын ар бирине токтолбой (арасында татыктуулары да болду) бирин-экин көрүнүштөрдү эл сынына, коомчулуктун таразасына коелу да. Кандуу бийлик тушунда Талас ОИИББ башчысынын орун басары болуп, карапайым калктан шефи Конгантиев экөө иттин баласынча сабалган ИИМ орун басары Данияр Абдыкаров «Эрдик» медалы менен, Максим Бакиевдин кол алдында түз иштешкен Сапар Исаков экинчи даражадагы «Манас» ордени менен сыйланса, «Даңк» медалы менен О.Малеванаянын кареги менен тең айланган Темир Жумакадыров «майланды». Бир эле суроо, кайсы эрдиктери үчүн? Кандуу бийликти чындап, карапайым калкка каргыш тийгир үй-бүлө менен кошо кош саясатты чыңдоого кошкон үлүштөрү үчүнбү? Ушул үч эргулга мамлекеттик сыйлыктарды ыроолоп, кор кылгыча, айылдагы 30 баланын осурагына чыланып, өмүрүн агартуучулукка арнаган карапайым мугалимдерди сыйласа жөндүү болбойт беле?
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ