Москвадагы Холмогор көчөсүнө жакын суунун жээгинен белгисиз чала жандуу адам табылган. Окуя болгон жерде канга боёлгон 3 таш, рюкзак, бут кийим жана жанынан 500 сом чыккан. Ал адам 1990-жылы туулган кыргыз жараны экендиги аныкталган. Маалыматка таянсак ал каттоодон эч жерден өтпөгөн гастайбартер деп таанылып, бул иш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгы коомчулукка билдирилген. Оор абалдагы бул адам ооруканага жаткырылгандыгы да кабарландырылган. Эң өкүнүчтүүсү, анын мындай тагдырга туш болгону эмеспи. Ал эми Орусияда иштеп жаткан гастарбайтерлердин көбөйүшү ишкананын ээлери тарабынан каттоодон өтүүгө жасаган каршылыгынан болуп жүрбөсүн? Анткени каттоодон өткөндөргө караганда гастарбайтерлер арзан жумушчу күчү эмеспи…
Булак: “13-квартал”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ