“Мен эске салып койгум келет. Биз жамандыкты тез эле унутуп коёбуз. Мындан бир нече жыл мурун Атамбаевди “Кыргызгазды” 1 долларга Россияга саткан Кыргызстандын душманы катары шыбашкан”, – деп билдирди бүгүн, 20-октябрда Алмаз Атамбаев Бишкектин Арча-Бешик конушунда “Газпром” ишканасы салып берген спорткомплексин ачуу аземинде.
“Менин эсимде, Келдибеков эмне деп кыйкырганы: “эмне үчүн “Кыргызгазды” мага 1 долларга сатышпады?” деп. Бирок Келдибеков өлкөнүн газ системасын өнүктүрүү үчүн 1 миллиард доллар акчасын салмак беле? Ал өзүнүн жеке үй бүлөсүнүн өнүгүшүнө гана акча жумшамак. Парламентте кантип кыйкырышканы аликүнчө менин эсимде”, – деди Алмаз Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ