Menu

“Кыргызнефтегазда” кайрадан нааразычылык башталууда

Бөлүшүү:

 

Азыр коомчулукта “Кыргызнефтегаздын” жетекчилигинине “Республика – Ата Журт” партиясынан ЖКда депутат болуп отурган Нургазы Нышанов келгени жатат” деген кеп желдей тарады. Жадагалса коллективдин алдына барып, “колдоп бергиле” дегендей амалдарын кылып атканы каңкууланып. Нургазы кадимки эле Нурлан Нышановдун баласы. “Бу ким эле?” дешиңер толук мүмкүн. Нышанов Нурлан 2005-жылы Жалал-Абаддагы Кыргыз Улуттук банктын филиалынан 22 миллион сомду Жаныш Бакиев менен уурдаган башкы айыпталуучу адам го? Нургазы Нышановдун ал жерге баруусуна партия лидери да кызыкдарбы эми? Анткени, Нышанов ал жакка кетсе, Текебаевдин №1 душманы Зарыл Рысалиев кезек менен келет. Саясат кайда баратканын билип атасыңар да? Бул саясый жүрүштөргө бийлик да кол сунушу ыктымал. Себеби, Зарыл мырза парламентке келсе, бийликтин негизги душманы Текебаевди “тээп” салганга ат көтөргүс салым кошо турган фигура болуп атпайбы. Андан ары да чечмелей кетели, Нургазы Нышанов азыр аябай бай жигит экенин билген адамдар айтышууда. Бирок, 2005-жылга чейин нышановдордун анча бай болбогонун билген адамдар саймедирешүүдө. Саясатта соодалашуу амалы жүрүп жаткандай өңдүү. Зарылды парламентке алып келүү, ал эми Нургазы болсо взамен “мага “Кыргызнефтегазды” бергиле” деген сыяктуу. “Кыргызнефтегаз” коллективи Нургазынын башчылыкка келүүсүн каалабай, протест кылып атышат экен. Сыягы, бул боюнча чыр дагы уланат окшойт…

Бекбол Айдаров

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: