17-октябрь күнү саат 20:30 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Масадан айылында Ырыс айылынын 1991-ж.т М.Г.ны белгисиз автоунаа уруп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жабырлануучу кыз алган жараатынан улам Сузак аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Маалымат түшөрү менен Патрулдук милициянын өкүлдөрү ыкчам аракеттерди өз убагында жүргүзүп окуя болгон аймактын төрт тарабын курчоого алып, Жалал-Абад областык Патрулдук милициянын башчысы милициянын майору Кылычбек Рысбаев өзү баш болуп кылмыш изин суутпай качып бараткан жеринен Мерседес үлгүсүндөгү автоунаа жана анын Сузак районунун Таш-Булак айылынын тургуну 1974-ж.т. айдоочусу менен кошо кармады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ