Menu

Саясий көз карандылыктан, экономикалык көз карандылыкка карай

Бөлүшүү:

Эгемендүүлүккө 25 жыл. Мактана турган эч нерсе жок. Куру сөз, шаң-шөөкөт. Тышкы карызыбыз 4 млрд. долларды чапчып, анын процентин төлөй албай олтурабыз… Редакцияга алдыдагы 25 жылда Кыргызстан кандай болот деген материал келип түштү. Ойлондура турган макала. Ишенбейин десең автор эгемендүүлүктүн башында “Республика” гезитине так ушундай материал жарыялаган. Жаңы муунга сабак болсун деп, ошол макаланы берүүнү туура таптык. Канчасы төп келди, келбеди окурмандар өздөрү күбөө болсун. Андан соң кийинки материалды берүүнү чечтик.

Эгемендүүлүктү алдык, дүйнө ачык, төрт тарабыбыз кыбыла, бирок биз кайсыл коомду курууга бет алдык, багытыбыз каяк? Кансыз, терсиз келген нерсени аш кыла алабызбы? Дүйнөдө биз татыктуу орун алабызбы, же көрүнгөндүн көзүн карап, өз жарандарын багалбаган өлкөгө айланабызбы?

Бийлик “базар экономикасына карай бет алдык”,- дейт. Бирок аны эч ким түшүнбөйт. 2 жерде 2 деп түшүндүрүп берер бирөө жок. Аттын башын кескин буруп, көпүрөсү жок, ташкын сууга карай бой уруу кесепеттен башка, жакшылык алып келбейт. “Кыбыраган кыр ашат” дегендей, тыкыр ойлонуп, узак убакытка эсептелген нерсе гана ийгиликке алып келерин дүйнөлүк тарых көрсөтүп турат. Кыска убакытта ийгиликке жетүү жомокто гана болот.

Мисалга 1952-жылы реформа баштап, 30 жылдан соң, дүйнөдөгү алтын кору боюнча алдыга эч кимди чыгарбай, Тайванды алдыңкы өлкөгө айланткан жетекчи Цзян Цзинго эмне дейт? ”Бай менен кедей катмар ажырымын кескин чоңойтуп, социалдык катастрофага алып келүүчү, өлкөнүн тагдырын тобокелге салган авантюрадан көрө жай, шашылбай, акырындык менен жасалган реформа жакшы”. Бул ойдун тууралыгын алдыңкы өлкөлөрдүн мисалы далилдеп турат. Эч ким кыска аралыкта, май көл, сүт көл заман кура албайт.

Ошондуктан, азыркы президенттин тушунда жыргап-куунап кетебиз деген ойдон алыс болушубуз керек. Бирок, ал өзү да эки-үч жылда өнүгүп кетебиз деген утопиядан арылганы оң. Анткени, ал экинчи мөөнөткө шайланса да, айткан ойлору, таттуу тилек бойдон кала берет. Эмнеге? Анткени, япон экономисттери 2005-жылы биздин ички дүң продукциябыз Акаев болсо, болбосо да жан башына эсептегенде 500 долларга араң жетет деп ачуу чындыкты айтып олтурат (Японияда бул көрсөткүч азыр 50 000 долларды түзөт). Эл аралык валюта фондусу менен президенттин биргелешкен программасына караганда бул чындыкка жакын турат.

Эмнеге? Бул суроого жооп бериш үчүн биз (ЭВФ) эл аралык валюта фонду деген суроого жооп беришибиз керек. Бул фонд дүйнөнү тескеп турган Батыштагы күчтүү өлкөлөрдүн азыркы куралы.

Дүйнө өзгөрдү, ошого жараша аны башкаруу да өзгөрдү. Илгери бир өлкөнү каратуу үчүн ага аскер жөнөтүп, согуш жасап, кыйындарын кырып, калгандарын кул кылса, азыр андай нерсенин зарылчылыгы жок. Андай өлкөгө экономикалык кысым жасоо, эл аралык укуктун алкагында колу-бутун тушоо, өз шартын таңуулоо, оппозиция дегендерге жардам берип, ичтен иритүү… ушул өңдүү рычагдары менен эпке келтирип, тузакка чалуу алардын негизги куралына айланды. Ошол ишти ЭВФ аткарат. Ал бизге окшоп зарыгып, айласы куруп калган өлкөлөргө кредит берет. Бирок, белгилүү бир шарт менен. Ал шартты аткаруу өлкөнү карыздын сазына батырат, банкротко учуратат. Аларга так ушул керек.

ЭВФ азыр бизге төмөнкү шартты таңуулап турат.

  1. Баалардын коё берилиши жана ички рыноктун чет өлкөлүк товарларга ачылышы. Бул ата-мекендик өндүрүштү, завод-фабрикаларды талкалайт, жалпы жумушсуздукка жол ачат. Анткени, биздин ишканалар андай конкуренцияга туруштук бере албайт. Товар баасын төмөндөтсө банкрот болот, көбөйтсө эл албайт.
  2. Митинг, забастовкаларга тыюу салуу. Бул арзан жумуш күчүн пайда кылат. Айлыктар көтөрүлбөйт. Эл жакырланат, мамлекеттен түшкөн каражаттын, бир бөлүгү тынымсыз чет-өлкөлүк карызды төлөп турууга жумшалып, ички-тышкы миграция күчөйт…

Президент А. Акаевдин, ЭВФ эксперттери менен жасаган программасын эч ким көрө элек. Бирок, анын асман-жерге тийгизбей мактап, ушул гана жалгыз куткаруучу жол деп элдин кулагын бышырып бүттү. Бирок, андай эмес. Өз элиңди алдап, аңга түртүштүн эмне кереги бар! Тарых сабак алуу үчүн жазылат. ”Эгер сен өткөндү мылтык менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат” деп Л. Толстой айткан.

Мисалга Заир мамлекетинин президенти: “ЭВФ программасы бизге 1 млрд. карыз берип, бизден 2 млрд. доллардын чыгып кетишине шарт түздү Сырткы карызыбыз 8 млрд. жетип, биз 30 жыл мурун кандай абалда болсок, ордубуздан жылбадык. Мындай каатчылык абал, өлкөнү банкротко алып келген шарт, ЭВФтин өтө тыкан ойлонулган саясатынын жыйынтыгы болду. Аларга Заирдин өнүгүшү эмес, мамлекетти өнүккөн өлкөлөргө көз каранды кылуу керек” деген. Мындай мисалдар көп. Кыскача айтканда ЭВФтен карыз алып жыргап кеткен өлкө жок.

Ошондуктан, мага ишенгиле, жыргатам, өнүктүрөм деген программаңыз ишке ашпай калса эмне болот деп сурап койсок болобу мырза президент! Дагы карыз, дагы карыз… Жарыбаган айлык, мамлекетти кара тумандай каптап жакырчылык, коррупция менен криминалдык топтордун күчөшүнө, массалык миграцияга алып баруучу жолду эмне мынча айга-күнгө теңеп мактайсыз.

Андай деп айтууга толук негиз бар. Анткени, бизде жаңы заманды, дүйнөлүк карым-катнашты түшүнгөн кадрлар жок, барар багытыбыз даана эмес, ички биримдик жок… Мындай учурда кредит алыш туура эмес. Алыска барбай Горбачовдун тагдырын алалы. Кредиттин үстүнө кредит ала берип СССР деген чоң держава кыйрады. Ал убакта премьер-министр Рыжков ”Кредит албайлы, өлкөнүн да мүмкүнчүлүгү зор. Биз өзүбүздүн эле эмес, небере, чөбүрөбүздүн да тагдырына балта чаап жатабыз” деп какшап жатса да, аны уккан адам болбоду. Байлык, бийлик талоонго түшүп, эмне менен аяктаганы бардыгыбызга белгилүү.

Карыз алыш керек, бирок, анын кантип кайтаруунун эсебин билгенде гана. Антпесек, бизден кийинки муун ошол карызды төлөп калат. Ырас, өлкө оор абалда. Бирок, аны элге түз айтып, экономикалык сабатсыздыктан чыгаруу керек. Антпесек, партиянын камкордугуна алынып өзүнчө жашоо эмне экенин билбеген калк катуу капсалаңга туш болуп калышы мүмкүн. Ошол үчүн, канчалык ачуу болсо да чындыкты айтыш керек.

Түрк президентти Т. Озал реформаны жасоодон мурда элге кайрылып, мындай деген:

— Мына, менин ачык турган алаканымдай, мамлекеттин кампасы аңгырап бош. Казына кур. Ошондуктан, биз татыктуу жашайбыз десек, эртеңки күнгө, кан менен терди төгүп гана киребиз.

Президент деген ушундай болуш керек. Элге жерге күйгөн президент ушинтип ачык айтат. Эл түшүнөт. Аткарылгыс убада, алдап-соолодон көрө, ачуу чындык керек. Жөн эле шыпшынып сүйлөп, иш кылгандай түр көрсөтүп, шашкалактай берүүнүн кажети жок. Анткени, бул аракеттин баары анткорлук экендиги көрүнүп эле турат.

 Ш. Назаралиев

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: