Бүгүн, 27-декабрь күнү Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө болжол менен саат 05:54тө кыргыз-тажик чек арасынын аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында – 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ