Өзүн Оштун кожоюну атап, борбордук бийликти тоготпой тайкылыгын айгинелеген Мелис Мырзакматовго кылмыш иши козголуп, керт башын калкалап Кыргызстандан чыга качкан. Оштогу чыңалган саясий кырдаалдан пайдаланып өзүн пиарлап «кара кулак шер, арстан» атаган Мырзакматов учурда Кыргызстанга кире албай, качкын атыгып жүрөт. Бийлик алмашкандан бери социалдык тармактар аркылуу президент Сооронбай Жээнбеков кызмат берсе тирек болуп бермекмин деген өңүттө маалымат таратуу менен алек. Кечээ жакында Түркиядан түшкөн сүрөтү жарыяланды. Баягы кере карыш курсак жок, арыктап өңүнөн азыптыр. Эл-жерге болгон кусалыкпы же мансап азабыбы, айтор Оштун мэри болуп тургандагы «кара кулак шер менен арстандын» түрпөтү жок.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ