Menu

Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкердигин Путин жактырдыбы?

Бөлүшүү:

Кыргыз саясатына тышкы күчтөр катуу киришээри, өзгөчө Россиянын таасири чоң экени эч кимге жашыруун эмес. Бул жагынан эсептешпей коюуга болбойт. Себеби, экономикалык жактан жарды Кыргызстан үчүн Россияны стратегиялык өнөктөш катары кармоо өтө маанилүү. Анүстүнө Бажы союзуна дагы кирип алган соң, карым-катыш жагы ого бетер бекем болушу зарыл.

Андыктан, Алмазбек Атамбаев Кремль менен эсептешпей коё албайт. Өзгөчө кийинки жылкы президенттик шайлоодо кайсы адам КСДПдан чыкса, ага карата Россиянын симпатиясы болушу шарт. Бул жагдайды эртелеп эске алган А.Атамбаев соңку ирет В.Путин менен жолукканда Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жактырып турганын, аны колдоо үчүн сөз баштаганы бекер жерден эмес го? Кыргыз лидеринин сунушун В.Путин туура түшүнүп, каршы чыкпаганы эле өзүнчө жеңиш да. Анүстүнө Д.Медве­дев менен С.Жээнбековдун мамилеси да түзүк экен. Кийинки президентти тандоодо Россия лидери ме­нен сөз башы ийгиликтүү башталган соң, мындан ары ишенимди бекемдетүү жагы калды.

Шайлоо старты башталганга чейин С.Жээнбеков ызы-чуудан алыс, таза иштесе рейтинги көтөрүлүп, сырткы күчтөрдүн колдоосуна татыктуу болот. Ал эми Кыргызстандын шайлоочулары негизинен стабилдүүлүк үчүн добуш беришет. Албетте, добуш алууга келгенде регионалдык жактан бөлүнүү ит оорубуз бар дечи. Антейин десең, С.Жээнбеков Оштон, А.Атамбаев Чүйдөн болот. Ушул жерден элдин келечектеги ынтымагы үчүн түндүк-түштүк ажырым биригип калгандай болду. Анан калса, админисгративдик ресурс да чоң роль ойной турганы талашсыз.

Ошентип, Кремль менен А.Атамбаев КСДПнын болочоктогу талапкеринин тагдырын чечип алгандан кийин, ички саясатыбызды ирээнжитпей, эл астында упай алуу жагын ойлошу керек. Эң башкысы, адилеттүү башкаруу болсо, башка көйгөйлөр убагы менен ордуна келет.

Тайлак НАЗЫМОВ

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: