Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Бишкектин бак-дарактарын ирригация системасына жооп берген шаардык структурасыз сактоо мүмкүн эмес

Бөлүшүү:

«Бир да өсүмдүк күнсүз жана суусуз жашай албайт. Бизде күндүн нуру жетиштүү болсо дагы, Бишкек шаарындагы сугат иштери, ирригация системасы эчак керектен чыккан», – дейт БШКне «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутаттыкка талапкер Рысбай Аматов.

Талапкердин айтымында, бүгүнкү күнү мэрия  тарабынан 100 миң көчөт тигүү демилгеси жакшы жаңылык, бирок аларды маалы менен сугаруу маселесин дагы чечип алганыбыз оң. «Учурда ирригация боюнча маселелерди кимге айтаарыңды билбейсиң. «Тазалык» арыктарды тазалайт, ал эми “Жашылдандыруу” бак-дарактарды кыйып, бутактарын кыркып жатат. Бирок, жашылдандыруу менен ирригация системасы бирдиктүү иш-аракеттерди талап кылуучу система. Шаардын жаңы түшкөн же жаңыланган көчөлөрүнүн сугаруу картасы дагы жаңыланып турушу керек. Бул маселенин баары жыйынтыгында шаардын экологиясына терс таасирин берүүдө», – дейт Рысбай Аматов. 

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын өкүлүнүн ою боюнча, шаар бийлигине “шайтан араба” ойлоп табуу милдети деле жүктөлгөн эмес.«Советтик мезгилде биздин борбор шаарыбыз СССР шаарларынын ичинен эң жашыл, таза шаар наамын алып жүргөндө, мэриянын алдында атайын мекеме иш алып барчу. Анда 100дөн ашык жумушчулар иштеген, учурда ал жакта “Жашылдандыруунун” 4 адамы гана эмгектенишет. БШКнин курамында биздин партия сугат иштери, ирригация системасына жооп берген мекемени кайрадан түзүүнү сунуштайт», – деп жыйынтыктады сөзүн Рысбай Аматов.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: