Menu

Расул Султангазиев: Буюрса Кыргызстанда боор алмаштыруу операциясын оң жолго коебуз…

Бөлүшүү:

– Расул Абалиевич, 2014-жылдын октябрь айында сиз эмгектенген «спецбольница» деп аталып келчү борбордогу ооруканада Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалганын уккан элек. Мына ошол операция жасаган хирургдардын бири сиз болгонсуз. Алтууралуу кененирээк айта кетсеңиз?

-Боорду алмаштыруу эң татаал операциялардын катарында, ал үчүн жетиштүү тажрыйба керек. Мен 1996-жылдан 2012-жылга чейин Улуттук госпиталда эмгектендим. Ал жылдар аралыгында цирроз ооруларынын түрүн көрдүм, ошол учурда кызыл өңгөчтүн жана ашказандын кан тамырлары жарылып кеткен учурда кандай жардам бериш керектигин профессор Бебезов Хаким Сулаймановичтен, доцент Садырбеков Жеңишбек Садырбековичтен үйрөндүм. Аны менен катар кан тамырларды кантип улап, кантип жалгаштырыш керектигин доцент Осмонбек Насыранбековичтин жанында жүрүп өздөштүрүп, үйрөнүп тажырыйба топтодум. Аларды үйрөнгөндөн кийин 2007-жылдан баштап боордун жарымын алып салуу операцияларын жасап баштаганбыз. Жанагы боордун шишиги, альвеококкоз жана эхинококкоз деген оорулар менен жабыркаган боордун оң жагын, сол жагын кесип алып салууну жакшы эле өздөштүрдүк. Кудайга шүгүр, боордун жарымын алып салуу операцияларыбыз бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү болуп келет. Бизде гепатит менен, боордун циррозу менен ооругандар көп. Мындан улам өзүбүзгө максат коюп, боорду алмаштыруу операциясы менен жарандарыбызга жардам берсек дедик.

-Боорду чет өлкөдө алмаштыруу миңдеген доллардын башын жеп жатпайбы. Эгерде өзүбүздө боорду алмаштыруу өздөштүрүлүп кетсе, канчалаган жарандарыбыздын өмүрүнө өмүр кошот элеңиздер…

-Албетте, аябай жакшы болмок. Азыр боорунан жабыркаган жарандарыбыздын баары эле чет өлкөгө барып боорун алмаштырууга мүмкүнчүлүгү жок. Болгон тууган-уругу акча чогултса дагы каражаттарын жеткире албай убара болуп жүргөндөрдү көп эле көрүп атабыз. Боор көчүрүү канчалык татаал операция болбосун, дүйнөлүк практикада ийгиликтүү эле ишке ашып келет. Биз боордун жарымын алып салуу операциясын жеткиликтүү өздөштүрүп алгандан кийин өзүбүзгө максат коюп, боорду алмаштыруу операциясын жасоого командабыз менен даярданып баштадык.

-Бул жактан боорду алмаштыруу операциясын жасаганга чейин сиз башка өлкөдөн боор алмаштыруу операциясына катышып, аралашып көргөнсүз да?

-Сөзсүз да, көрүп-билбей туруп боорду алмаштырабыз деген чоң жаңылыштык. Боорду алмаштыруу операциясын жасоонун алдында Москвага бир эмес, бир нече ирет барып келдим. Бул жердеги жетекчилигибиз мени, менден башка 2-3 врачты Индияга бир айлык окууга жиберди. Ал жакка барып боорду алмаштырган операцияларга катышып көрүп, тажырыйба топтоп келдик.

-Биринчи операция жасалуучу адамды кандай негизде тандап алдыңар? 

-Эми мындай да. Биз эмгектенген оорукананын хирургдары боорду алмаштырабыз десек эле алмаштыра албайбыз да. Ал үчүн тиешелүү жерлердин уруксаты керек. Боорду алмаштырабыз деп аракет кылып жатканда министрликке кайрылдык, алар атайын комиссия түзүп биздин операция жасай турган жерибиздеги керектүү шаймандар жетиштүүбү, врачтардын тажырыйбасы барбы деген текшерүүлөрүн жүргүзүп, анан уруксат беришти. Ошентип биз даярданып жүргөндө Асатилла атуу жараныбыз мага байланышып: «Расул, боорду алмаштыруу операциясын жасаган жатыптырсың, баламдын боорун алмаштырышыбыз керек болуп айлабызды таппай жүрөм. Ушул боюнча жолугуп сүйлөшөйүн дедим эле»,- деп калды. Жолуктук, баласы Асатилла уулу Ыйманбектин боору таптакыр жараксыз болуп, алмаштырбаса болбой турган абалга жетип калыптыр. Москвага алып барса, «алмаштырып беребиз, бирок кепилдик бербейбиз, ал эми операциянын баасы 100 миң доллар болот» дептир. Түркия  «кепилдик бербейбиз, алмаштыруу баасы 80 миң доллар»  деген жообун айткан. Анан ал киши: «Расул, менин андай көп суммадагы каражатым жок, айлам кетти. Ыйманбектен улуу кызым инисине боорунун теңин бергенге даяр, биринчи операцияңды ушу менин балама жасасаң жакшы болот эле»,- деп ыйламсырады. Биз жетекчилик менен кеңешип баланы көрдүк, боорунун теңин берет деген эжекесин текшердик. Чынын айтыш керек, Ыйманбектин боор оорусу өтө өтүшүп кетиптир, аны дарылап айыктырууга эч мүмкүн эмес эле. Баланын боорун башка өлкөдө алмаштырууга ата-энесинин мүмкүнчүлүгү жетпей жатса, оорусу күндөн-күнгө күчөт атса, анын өлүшүн күтүп олтура беришибиз керекпи? Андай болбойт дедик дагы, боорду алмаштырууга белсендик.

-Операция боло электеги баланын абалы кандай эле?

-Оору менен көп убакыт алпурушуп, Москвага, Түркияга деп жүрүп боору жедеп бүтүп  калыптыр. Кан кусат, тиштеринин бүйлөсү канап, бала катуу кыйналган. Ошентип Кудай жардам бер дедик да,  2014-жылдын 29-октябрь күнү эки хирургдун бригадасы операцияга кирдик. Бири менин бригадам, бирөө Абиров Кубан Эсеналиевичтин бригадасы. Ыйманбектин боорун толугу менен алып салып, Урмат Молдокулова деген эжекесинин тең боорун салдык. Операция ийгиликтүү аяктады, Ыйманбек наркоздон ойгонуп кадимкидей эле сүйлөп калды. Атүгүл 5 күндөн кийин туруп басып, биз менен тамашалашып, тамак ичип калган. Аны өлөт деген ойдон таптакыр алыс элек. Тилекке каршы, операция болгонуна 21 күн болгондо каза болуп калды. Себеби боору ооруп көп убакытка жүрүп калгандыктан ооруган боор башка органдарынын баарын жабыркатып салган. Мунун натыйжасында жаңы салынган боордун иштешин жабыркаган башка органдары көтөрө албай калды. Боору жаңы ооруп баштаганда алмаштырылганда баланы сактап калмакпыз.  Болбосо боорду алмаштыргандан кийин 21 күн жашап туруш медицинада аябай жакшы көрсөткүч. Дүйнөлүк практикада боор алмашкандан кийин адам 8 сутка жашаса, операция ийгиликтүү болду деп эсептелинет. Туура эмес алмашкан боор 21 күн эмес, 2 саатта эле отказ берет.

-Эми бир адамдын боорун алмаштырсак ушундай болуп калды деп токтотуп койбой өздөштүрүп кетсеңер карапайым жарандарыбызга эле жакшы болбойт беле?

-Жок, биз муну токтотпойбуз. Бул боюнча аракеттерди кылып атабыз. Дагы керектүү делген заманбап техникаларды алуунун аракетиндебиз. Жакынкы аралыкта кайрадан боор алмаштыруу операциясын жасоону колго алабыз. Кудай буюрса, боор алмаштырууну оң жолго коебуз деген ишеничтемин.

-Боор оорудан жабыркап жаткан белгилүү актерубуз Азиз Мурадиллаевди дагы сиз караган экенсиз?

-Ооба, Азиздин дагы боору алмаштырууга мажбур болуп калыптыр. Бизге келип көзөмөлүбүздө болду. Азыр Москвада, ал жакка жибергенде жолдон кусуп же дагы башка нерсе болуп кетпесин деп коопсуздук үчүн Талгат Абдыкадыров деген күчтүү врач жигитти кошуп жибергенбиз. Шейшемби күнү алгачкы операция жасалды, ийгиликтүү болду деп мага Талгат байланышты. Түшүнүктүү кылып айта турган болсом, алгачкы операциясында эндоскоп менен кирип кызыл өңгөчүнүн жана ашказанынын кан тамырларын бууп чыгышты. Эми бул жакка алып келип кандагы вирустарды тазалап, боорун алмаштырууга даярдайбыз.

-Ошондо канча убакыттан кийин алмаштырылат?

-Алгач донор табышыбыз керек. Анан Азизди операцияга даярдашыбыз керек. Дагы болжол менен 2-3 ай убакыт керек болот.

Амантур Мусагул уулу

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: