Menu

Улуттук энергохолдингдин башкы мүдүрү Айбек Калиевге оңтойсуз суроо?: Бишкекти аралап көрдүңүз беле?!

Бөлүшүү:

Кымбаттуу Айбек Рыспекович!

Акыркы жылдары Сиздин кадамдарыңызды карап отуруп, деги Сиздин негизги максатыңыз, аракетиңиз Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы  үчүн эмес эле, башыңызга “минип алган” чет элдик каржылык миссионерлердин чөнтөгү үчүн болуп жатабы деген суроого такалып жатабыз. Анткени Орто Азиядагы суу менен энергетиканын башында турсак Энергетика министрлигин жоюп, аны бир холдинг компанияга айландырып алдыңыз. Мындан энергетикадагы тармак оңолуп кетээри тууралуу ишенимди мындай кой, үмүттүн учкундарын пайда кылаар ишти азырынча көрө элекпиз. Эмне иш кылып жатат деп холдингдин сайтына кирсек, ал жакта жылан сыйпагансып эч нерсе жок. Сайттын сөөгү эле каркайып турганы болбосо, эмдигиче иштебегенин кандай түшүндүрүп бере аласыз? Ал го эми ал майда-барат техникалык маселе дейли.

Биздин бере турган сурообуз, Кыргыз Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимге ылайык, энергетика тармагына долбоор аркылуу берилип жаткан  25 млн. АКШ доллар суммасындагы каражатты эмне үчүн эффективдүү пайдаланбай, кумга сиңген суудай жок кылып талаага чачып жибергени жатасыз? Сөзүбүз куру болбош үчүн айта кетсек, ошол каражаттын бир бөлүгүнө “Бишкек”, “Спорт” деп аталган көмөк чордонду курууну баштаганы жатасыз.   Бирок учурда ушул эки жерде тең “Бишкек” жана “Университет” деген эки көмөк чордон жеке компаниялар тарабынан курулуп, шаардын элин жеткиликтүү жана сапаттуу энергия менен камсыздап жаткан эле. Так ошол көмөк чордондордун үстүнө кайрадан эртең эл төлөй турган карыз акчага көмөк чордон куруп жатканыңыздын сыры эмнеде? Бул кылыгыңыз үчүн эртең “мамлекеттик каражатты коромжу кылган” деген берене менен соттолуп кетем деп коркпойсузбу?

Экинчи жагынан, адатта мындай 35 кВ күчү бар көмөк чордондор мыйзамга ылайык “Кыргызстандын Улуттук электр тармактары” ААКсы тарабынан курулууга тийиш болсо, сиз бул курулуштарды “Түндүк электр” аталган түбү жок коррупциялуу мекемеге күч менен алып бергениңизди кантип түшүндүрөсүз? Деги өзүңүз Бишкекти аралап көрдүңүз беле? Көргөн болсоңуз, учурда шаарды айланта курчаган 50 жаңы конуш, ошондой эле шаардын батыш тарабындагы Кызыл-Аскер,  Маевка, түндүк тарабындагы Нижний-Ала-Арча райондорундагы электр энергиясынын кризисин көргөн болоор элеңиз. Көмөк чордондорду ошол тараптарга кураар элеңиз. Же ал жакта кыш-күз маселе бар экенин билип турсаңыз да, таасирдүү адамдардын “талпагы” болуп отура бересизби?

Булак: Фабула 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: