Menu

Чүй облусунун ИИББда жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешме болуп өттү

Бөлүшүү:

2019-жылдын 21-январь күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жыйындар залында Чүй облустук ички иштер органдарынын 2018-жыл ичинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү багытында жүргүзгөн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы болуп өттү. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын башчысы, милициянын полковниги  Самат Курманкулов, анын орун басарлары, башкармалыктардын, кызматтардын, шаардык-райондук ИИБлөрдүн башчылары, ардагерлер кеңешиңин төрагасы
Ашыркул Асанов жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү ошондой эле Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери катышты.

Алгач Чүй облусунун ИИББнын башчысы С.Курманкулов өткөн жылдын 12 ай ичинде аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасап, өткөн жыл КРнын Президентинин Жарлыгы менен “Аймактарды өнүктүрүү жылы”  деп жарыяланып, анын алкагында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги тарабынан облус аймагында ынтымакты, биримдикти чыңдоого жана элдин милицияга болгон ишенимин арттырууга багытталган жемиштүү иштерге токтолду.

Жыйында Чүй ОИИББнын ыкчам кызматтык ишмердүүлүгү жана министрдин алдыга койгон төрт багыты боюнча аткарылган иштер айтылды:

– коомчулуктун жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, криминалдык коркунучтарга каршы күрөшүү, көчөлөрдө жана коомдук жайларда криминалдык абалды көзөмөлдөө;

-Элдин ишенимин арттыруу. Милиция кызматкери элдин алдында профессионалдуулук жана адамгерчилик жактан жогорку критерийлерге ээ болуусу зарыл;

-Ички иштер органдарынын катарындагы абийрсиз кызматкерлерди тазалоо боюнча, ишти күчөтүү ошондой эле ИИОнун кызматтарында кызматтык тартипти бекемдөө зарыл;

-ИИОдо реформаны өнүктүрүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү, милициянын  тарыхында сакталып калган мыкты тажрыйбаларды колдонуу зарыл.

2018-жыл ичинде өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарып, жетишкен ийгиликтери менен «Мыкты кызматкер» жана “Мыкты спортчу” деген наамга татыган кызматкерлер “Ардак грамота”, атайын сыйлоо лентасы жана вымпелдер менен сыйланышты. Жылдын мыкты кызматкерлеринан арасында, Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын ага лейтенанты Акунов Адилет Асылбекович жылдын мыкты ыкчам өкүлү деп табылган. Тилекке каршы, Адилет Акунов ооруудан улам үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү каза болгон. Бул жыйында маркум Адилет Акуновго деп даярдалган сыйлыктар анын ата-энесине тапшырылды. Самат Курманкулов Адилет Акуновдун каза болгону жалпы ички иштер органдары үчүн оор жоготуу болгонун айтып, анын
ата-энесине көңүл айтып, Адилеттей кызматкерлер милиция кызматынын кадырын көтөрөөрүн билдирип, Адилет дайма мыкты кызматкер катары эч качан унутулбастыгын кошумчалады. Андан сырткары ар түрдүү иш-чараларда өздөрүнүн активдүүлүгүн көргөзгөн ардагерлер кеңеши үчүн да сыйлык каралган. Байгелүү оорундар төмөнкү ардагерлер кеңештерине тапшарылды.
1-орунга Сокулук районунун ИИБнүн ардагерлер кеңеши татыктуу болсо,
2-орунга Ысык-Ата районунун ИИБнүн ардагерлер кеңеши ээ болушканал эми
3-орун үчүн Токмок шаарынын ИИБнүн ардагерлер кеңеши татыктуу болушуп,  дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Жайындын экинчи бөлүгүндө Чүй облусунун ИИББнын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк боюнча маселелер каралып, 2018-жыл ичинде аткарылган жумуштар тууралуу башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн, кызматтардын башчылары баяндама жасашты. Жыл жыйынтыгы менен айрым кызматкерлерге эскертүүлөр берилип, жыңы 2019-жылы кабыл алынган мыйзамдар боюнча жумуштарды жогорку деңгээлде алып баруу боюнча, иш-мерчемдерге сунуштанмалар айтылды. 2018-жыл ичинде мыкты жетишкендиктери үчүн төмөндөгү ички иштер бөлүмдөрү “Мыкты РИИБү” наамына татыктуу болушту.

– 1-орунду Сокулук РИИБү ээлеп, 1-даражадагы диплом жана өтмө туу менен сыйланышса,

2-орунга Ысык-Ата РИИБү татыктуу болуп, 2-даражадагы диплом тапшырылды, ал эми

3-орун үчүн Чүй РИИБү көрсөтүлүп, 3-даражадагы дипломго ээ болушту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: