Menu

Биринчи класстай билими бар Сүйумбаевге сурак башталдыбы?

Бөлүшүү:

Ооба, буга чейин Болот Сүйумбаев контрабандалык жүктөргө, саясый камоолорго жаңа Мантай досуна байланышкан «таңгалдырган бизнестерге» шектелип келгени жалган беле? Эмне үчүн жаңы бийлик кайдыгер болуп келген?..

Мурда жалаң жогорку кызматтарды аркалаган, ханга салам бербеген чиновниктер кылмыш фигуранты болуп чыгышы акыркы убакта бизге жаңылык деле болбой кдлды. Эми УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаев кылмыш ишинин фигуранты болушу мүмкүн. Бул маалыматты өздүк булактарына таянып, «24.к&» маалымат агенттиги жазып чыкты. Биринчи класстын окуучусундай болгон, билими тайкы Болот Сүйүмбаев дене тарбия жана спорт академиясынын дипломуна 25 жыл окуп ээ болгон. Бул маалыматты мурдараак аталган жогорку окуу жайдын ректору Токтобек Иманалиев дагы тастыктаган.

Тактап айтканда, Болот Сүйүмбаев аталган окуу жайга 1987-жылы тапшырып, эки жолу окуу жайдан чыгарылып, 2012-жылы 25 жылдан кийин аяктаган. Бул учурда ал президенттик аппаратта иштеп жаткан. Бүтүндөй кыргыз элинин тагдыры тапшырылып, жалаң жогорку кызматтарды аркалаган Болот Сүйүмбаевдин мынчалык билимсиз экени мурда кантип билинбей жүргөнүнө таңгаласың…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: