Чолпон Жакупова деген бир чыр катын бар «Бир бол» фракциясында. Эне тилинде эки ооз сөз билбейт. Чырылдап эле 7-апрелде карапайым каратамандардын балдарын аткан Бакиев жана бакиевчилердин адвокаты болуп жүргөн эле. Ошондон улам бул катынга көпчүлүк эл нааразы болуп калышкан. Анан Алтынбек Сулайманов деген неме парламенттик шайлоодо «Бир бол» партиясынын тизмесине кошуп, кийин депутаттык мандат алып берип багын балтайта ачты. Ооба, Чолпон Жакупова учурда Конституциянын өзгөрүшүнө каршы активдүү киришип жатат. Анын айткандары, келтирген фактылары туура деңизчи. Бирок, биз анын чындап кыргыз элине күйүп жатканына кантип ишенебиз? Эгер ал бир кезде элге ок аткандарды колдоп чыккан болсо. Ушул жагы суроо туудуруп жатат да. Учурда Жакупова аны кимдир бирөөлөр коркутуп жатканын билдирди. Бул жагы да ишенимсиз болууда. Эмнеге ИИМге официалдуу түрдө арыз жазган эмес? Же саясий пиар жасайын деп жатабы? Ансыз деле муну эл чыр катын деп жакшы тааныйт.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ