Menu

Катуу илдетти жеңип, 70 жашында англисче үйрөнгөн Осмонбек ата

Бөлүшүү:

71 жаштагы Осмонбек Насыранбеков карылыкка моюн сунбаган күүлүү-күчтүү карыя. Убагында Кыргызстанда биринчи жолу үзүлгөн колду тиккен хирургдардын катарында болгон. Азыр спорт менен тынбай машыгып, бир жарым жылдан бери англис тилин да үйрөнүүдө. Муну менен эле тим болуп калбай, чет өлкөлүк студенттерге англис тилинде сабак берет. Жалкоолукту жининдей көргөн Осмонбек ата тыным албаган жашоо-турмушу тууралуу ой бөлүштү.

Адам өзүн жеңгенде гана ийгиликке өрдөйт

1946-жылы Чаекте туулгам. Айылдагы мектепти аяктаган соң медициналык окуу жайга тапшырып алгач Жумгалда, кийин Иса Ахунбаев атындагы клиникада хирург болуп иштедим. 1984-жылы Кыргызстанда алгачкы жолу үзүлгөн колду тиккен врачтардын катарында болдум. Кийин медициналык окуу жайда сабак берип жүрүп, жашым өйдөлөгөндө жаштарга орун бошоттум. Бирок үйдө бош отура албай Эл аралык университетте чет өлкөлүк студенттерге сабак бере баштадым. Төрт балам, бир кызым, алты неберем бар.

Мен эч качан бош отурбай, ар дайым бир нерсе менен алектенип жүргөндөрдү эң жетишкен инсандар деп эсептейм. Азыр адамдарда жалкоолук деген оору көбөйүп кетти. Адамдын эң чоң душманы — бөтөн бирөө эмес, өзү. Азыркы заманда жашы өткөндөрдүн баары эле үйүндө отуруп алып, сыналгыдан көрүнгөн сериалдарды көрүп, балдарына эмес, сериалдагы актерлорго көбүрөөк жан тартып калды. Анысы аз келгенсип, бала-чакасын сындап калышат. Өзүң чалкалап жатсаң, балдарыңа кантип сын айтасың. Ошондуктан мен улгайганда балдарыма түйшүк кылбай, өзүм да кор болбоюн дедим. Аларга мен сени убагында бактым эле деп колко болгондон эмне пайда? Андан көрө өз оокатымды өзүм кылайын деп чечтим. Жумуштан чыгаар алдында жубайыма “сен коркпо, аман болсом, өлгүчө сени Сникерс берип багам деп айткам.

Тил үйрөнүү эч качан кеч эмесizobrazhenie-046

Медицинадагы терминдердин көбү латын тилинде, көпчүлүк китептер да англисче. Ошого жумуш кылганга жараша майын чыгарайын деп англис тилин үйрөнүп баштагам. Эптеп сабак өтүп жүрө берсем деле аксакал киши деп мага эч ким унчукмак эмес. Бирок балдарга татыктуу билим бергим келди. Башында англисчем жакшы болбогондуктан бир аз кыйналып жүрдүм. Бирок азыр жылыш бар, 45 мүнөттүк сабакты кыйналбай өтүп, балдарды керек болсо англис тилинде урушуп калдым. Үйрөнүп баштаганыма бир жарым жыл болуп калды. Жумасына үч жолу тил курсуна барам. Дагы үч жарым жыл окусам жетиштүү болуп калат го деп ойлойм. Айланамдагылар “болду эми токтот, жетишет” деп айта беришет. Башында шылдыңдап жүргөндөр да болду. Бирок токтотоюн деген оюм жок. Башкы максатым — Шекспирдин чыгармаларын өз тилинде түшүнүп окуу. Жада калса, жайкы эс алууда да тил үйрөнүүнү токтоткон жокмун. Башында тил сынагынан мени менен чогуу окуган жаштар биринчи тапшыруудан эле өтүп кетишсе, мен 3-4 жолу тапшырып жүрдүм. Бирок эмгектенсең, үзүрүн көрөт экенсиң. Азыр эми биринчисинен кулабай өтүп, башкалар менен тең тайлашып калдым.

Же айыгышым, же өлүшүм керек эле

Мындан он жыл мурун псориаз менен катуу орудум. Ар кандай гормондук дарыларды иче бергендиктен салмагым 120 килого чыгып кетти. Басмак тургай, кыймылдай албай калгам. Бардык жерге унаа менен жүрүп калдым. Анан же өлөйүн, же биротоло айыгайын деп чечтим. Ошентип күндө бир аздан баса баштадым. Башында он метр араң бассам, бир жылдан соң эч кимдин жардамысыз бир чакырым басып калдым. Ошону менен эле токтоп калбайын деп спорттук залга жазылдым. Башында чуркоочу аппаратта 1 мүнөттөн чуркасам, азыр 1 жарым саат тынымсыз чуркайм. 50 килодон ашык оордуктарды көтөрөм. Ар барган сайын 1100 килокаллорий кетирип жүрүп, азыр салмагым 84 кило болуп калды. Муну менен эле токтоп калбайын деп, азыр 80ден түшүүнү пландап жатам.

Үйгө да чуркоочу аппарат алып койгом. Кинону жатып алып эмес, чуркаганча көрөм. Анан ар дайым 20 мүнөт китеп окуп, 5 мүнөт машыгып турам. Азыр жаш балдардын баары эле компьютердин алдынан чыкпай калышпадыбы. Бирок неберелерим менден үлгү алып көбүрөөк окуп, спортко да кызыга башташты. Аларга ар дайым жалкоо болбогула, колуңардан келген убакта бир эле англисче эмес, башка тилдерди да үйрөнгүлө деп айтып турам.

Жаңы муунга үмүт

Эми албетте, өлкөбүздү ойлосок, биринчи биримдик, анан тынчтык керек. Азыр Кудайга шүгүр, элибиз мурдагыга караганда жакшы жашап атат. Мал-жаны жетиштүү. Бирок мен азыркы саясатчыларга эч ишенбейм. Алардын баары эле эгемендикти алгандан бери саясатта жүргөн адамдар. Өздөрү деле тажабайт экен. Менин аларга айтаарым, өздөрүн эле ойлой бербей, жаштарга жакшы шарттарды түзүп беришсин. Себеби бизди өнүктүрө турган ушул балдар. Азыр эң көп сүйүнгөнгөнүм, жаштардын көбү көп тил билген, билимдүү балдар. Элиң канчалык билимдүү болсо, ошончолук жакшы. Парламенттин кийинки 2-3- чакырылышына азыркы 25-30 жаштагы балдар депутат болуп келип, эски жүздөр жок болгондо гана өнүгөбүз деп ойлойм. Жаштарга болгон ишеничим аябай чоң.

Баарына үлгү карыя

Биз Осмонбек ата машыккан залдан белгилүү саясатчыларды да капыстан кезиктирип, алардын да ой-пикирин уктук.

Равшан Жээнбеков, саясатчы:14568162_10154681790627975_3329327104873762305_n

Осмонбек агай менен жарым жылдан бери чогуу машыгам. Адамдар менен жакшы мамиле түзгөн, мүнөзү кең пейил инсан. 40-50гө келип калган бизге караганда бир саат көп машыгып, көбүрөөк чуркап, биз көтөрө албаган оордуктарды көтөрүп таң калтырат. Бизге бардык жагынан жакшы үлгү болуп жатат десек болот. Мурда алтымышка чыксам машыгууну токтотом го деп ойлочумун. Агайды көргөндөн кийин 70-80ге чейин токтотпоюн деп чечтим. Анан өзү да врач болгондон кийин кантип машыгууну да жакшы билет.

Өмүрбек Суваналиев, мурдагы ички иштер министри:

Осмонбек аксакал бир гана кыргыздын жаштарына, орто жаштагы адамдарга да үлгү боло турган инсан. Биз бул жерде ар дайым чогуу машыгабыз. 71ге келгенине карабастан ден соолугу аябай чың. Агайды карап биз сыймыктанабыз. Азыр бизде аш-тойлор көбөйүп, туура эмес тамактанып эле жүрөбүз. Биз ушул аксакалдан таалим-тарбия алып, баарыбыз ушу кишидей болсок, кыргыздын келечеги кең болот деп ойлойм. Ошондуктан жаштарга Осмонбек аксакалдан үлгү алгыла демекчимин.izobrazhenie-053

Аида Жолдошева, англис тили мугалими:

Осмонбек агайды бир жарым жылдан бери тааныйм. Ушул убакытка чейин сабакты бир да жолу калтырган жок. Ар дайым жаңы нерселерди үйрөнүүгө дилгир, аракетчил. Биринчи келгенде англисче тамгаларды жакшы билчү эмес, бирок азыр эң ийгиликтүү окуучуларыбыздын бири. Жалаң «беш» алат десек болот. Бир канча жолу «Айдын эң мыкты окуучусу» катары тандалган. Анан өзү да аябай шайыр, ак көңүл киши. Сабакка келгенде биз аябай сүйүнөбүз, себеби кызыктуу нерселерди айтып, бизди да күлдүрүп турат.

Азат Бектурганов

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: