Menu

“Чек арасыз кабарчылар” Меркелди Өзбекстандагы сөз эркиндигине көңүл бурууга чакырды

Бөлүшүү:

“Чек арасыз кабарчылар” укук коргоо уюму Германия канцлери Ангела Меркелге кайрылып, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда бул өлкөдөгү ММКлардын эркиндигин кеңейтүү маселесин козгоого үндөштү.

Эл аралык уюмдун маалыматына караганда, Өзбекстанда Интернет катуу көзөмөлгө алынган, көптөгөн көз карандысыз веб-сайттарга бөгөт коюлган, бул өлкөнү сындаган журналисттерди болсо Өзбекстанга киргизишпейт.

“Өзбекстандын немис туриттери үчүн виза режимин жокко чыгарып, ошол эле маалда сынчыл көз караштагы журналисттерди оолак тутуусу – сандырактык”, деп айтылат билдирүүдө.

“Чек арасыз кабарчылар” бийликке Мирзиёев келгенден бери түрмөдөн журналисттер бошотулганын, бирок бул жөн гана жакшы көрүнүү аракети экенин белгилейт.

Эл аралык уюм адилетсиз түрдө журналисттерди камап, кыйноого алгандарды жазалап, жөнү жок түрмөдө отургандарды бошотууну талап кылууда.

“Чек арасыз кабарчылар” басма сөз эркиндиги боюнча рейтингде Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 165-орунда турарын ырастайт. Мирзиёевдин Германияга сапары 20-22-январга чейин белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: