Menu

Ундун баасы жогорулайбы?

Бөлүшүү:

“Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Казакстандан келип жаткан буудай жана ундун баа салыгын 10 пайызга жогорулатууну сунуштады. Мыйзам долбоору бүтжеттеги жетишпестикти жоюунун бир жолу катары каралган. Эгерде айтылуу мыйзам колдоого ээ болсо өлкөдө ундун баасы канчага жогорулайт, иштеп жаткан ун ишканалары кантет жана бул карапайым калк үчүн канчалык оорчулук жаратары тууралуу ун өндүрүүчү “Каз Грейн” ишканасынын аткаруучу мүдүрү Имангазиев Султан мырзанын оюн угуп көрдүк:

– Биз бул көйгөй боюнча өзүбүздүн пикирди сөзсүз түрдө билдиришибиз керек. Себеби Кыргызстанда эң ири ун өндүргөн ишкана болуп эсептелебиз. Чындыгында, буудайдын сапаты ундун сапатына таасирин тийгизет. Эгер кошумча нарк менен кымбат буудай келсе, биз аны кымбат иштетип, керектөөчүлөргө кымбат сунабыз. Бул мыйзам сөзсүз түрдө ундун наркынын жогорулашына алып келет. Ошондой эле ата-мекендик ишканалар кыскаруу жолуна түшүшү мүмкүн. Анткени Казакстандан алып келинген ундун сапатына канчалык деңгээлде көзөмөл жүрүп жатат деген чоң суроолордун бири болуп саналат. Ири ишкана катары айтсам, биздей ишканалар Кыргызстанда акырындап өсүп, көбөйүп келип жатабыз. Эгер мындай көбөйүүнүн жолун бузсак, жаңы муундун тарбияланышына бөгөт коюлат. Себеби жаңы, жаш технологдорубуз даярдалып, эми жолго түшөлү деп турабыз. Анан буудайдын баасын жогорулатып, үстөк пайыздарды көбөйтсө, анда биз көз каранды бойдон кала беребиз. Жаш кадрларыбыз көпкө кармалбайт. Салыкты көтөрүү – эң туура эмес кадамдардын бири. Кыргыз элине үстөк пайызды көтөрө турган учур дагы эмес. Кошумча наркты көтөрүү деген студенттен баштап, үйдө олтурган пенсионердин капчыгына чейин тие турган акча. Нан деген оңой нерсе эмес. Ал эми өзүбүздөн эле буудай алалы десек, бизге окшогон ишканаларга биздеги буудайлар жетпейт. Ошол себептүү биз Казакстанга көз карандыбыз. Мына ушундан пайдаланып өзүбүздүн эле эл өкүлдөрү кошумча наркты 10 пайызга көтөрөлү дегени казакстандык ун өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын колдоп, аларга Кыргызстандын базарын толугу менен басып алууга шарт түзүп берет.

Булак: Саресеп 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: