Menu

Мирзиёев камактагы 65 адамга ырайым берди

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнүн алдында «Кылганына өкүнүп, туура жолго түшкөн камактагыларга ырайым берүү тууралуу» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.

Жарлыкка ылайык, жалпысынан 65 жаранга ырайым берилет. Алардын ичинен 17 адам жазадан толук бошотулса, 13ү шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылат. Мындан тышкары 20 жарандын жазасы жеңилдетилип, 14 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылат. Дагы бир адам жатак абагына чыгат.

Ырайым берилген жарандардын арасында төрт аял, 60 жаштан ашкан бир адам, чет өлкөнүн бир жараны жана тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкан 39 адам бар.

Акыркы үч жылдын ичинде Өзбекстанда жети жолу мунапыс жарыяланып, жалпысынан 3 952 адамга ырайым берилди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: