Буюртманы аткарган айрым ЖМКлар Райым Матраимовго асылууну маал-маалы менен козгошуп, кара боёк чачыратуу менен убакыттан уттуруп жатышат. Коомчулук деле түшүнүп, бир беткей ушак, имиш кептерге көңүл бурбай деле калды. Ал эми Райым мырза бизнес долбоору менен Түркияда иштеп аткан чагы, тапканын мекениндеги кем-карчка, кайрымдуулукка жумшай турганы белгилүү (бирок башкалардай жарыялап, мактанбайт). Негизи саясатка аралашпаса, кадр жаатына эч кандай тийешеси болбосо, анан эле ар кайсы топтор көлөкөлөрүнөн коркушуп, парламенттик шайлоо жакындаган сайын алсыздыктарын сезишип, түрдүү маалыматтык согуштарды жасалма түрдө эле “быкшытып” калышат. “Бүкүрдү көр түзөйт” демекчи, андайлар убагы келгенде тынчышат. Ал эми каралоону чымын чакканчалык да көрбөгөн Райым Матраимов арышын алдыга созо берсе, эл да баалай турган учур келет. Баягы кирдүү саясатчыларга теңелгенде не? Бийик болуу акылмандык эмеспи!
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ