Ашырбаев Эрнис Мирзараимович (1988-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.
Аталган чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ