Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкуловду кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкуловду кабыл алды.

Жолугушууда учурдагы абал жана эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечеги тууралуу маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын тышкы саясатында Казакстан негизги өнөктөштөрдүн бири экенин жана Кыргызстан мындан ары да ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эки тараптуу гана эмес, көп тараптуу кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатат.  Биз Казакстан менен стратегиялык өнөктөштүктү, достукту, биримдикти жана коңшулук мамилени жогору баалайбыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевге жылуу каалоо-тилектерин айтып, салам жолдоду.

Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов да кыргыз-казак карым-катнашындагы жагымдуу динамиканы белгилей кетти. Анын айтымында, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жылуу жана достук мамиле түзүлүп, тыгыз жана жемиштүү иштөөгө өбөлгө түзүлгөн.

Бейбут Атамкулов мындай мамиле маселелерди ашыкча бюрократиясыз, ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берерин кошумчалады.

«Биздин эл ар дайым жакшы кошуна болуп, достук мамиледе жашап келген, ортобузда чек ара болгон эмес», — деп белгиледи ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: