Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев Таласта коронавирустан ден-соолугу чың адам каза болгонун бүгүн, 22-июнда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
“Кечээ Таласта коронавирустан кайтыш болгон кишинин баласы менен сүйлөштүм. Доктурлар эмне кыларын билбей коюшту дейт. Коркуп жатышты дейт, коронавирустан каза болуп жаткан кишиге кирүүдөн. Балким доктурлар өздөрүнүн өмүрүнө коркуп жатышкандыр. Доктурлар штабка чалышыптыр, эмне кылабыз, кантип аман алып калабыз деп. Эмне деп сүйлөшкөнүн билбейм, дейт баласы. Жыйынтыгы, тилекке каршы, өгүздөй ден-соолугу бар адам өтүп кетти” – деп жазган максат Чакиев.
Белгилей кетсек, өткөн суткада Талас аймактык ооруканасынан 1952-жылы туулган эркек киши оорудан каза болгону белгилүү болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ