Menu

Түркмөнстандык студенттер Түркияга бара албай жатат

Бөлүшүү:

Ашхабад аэропортунда Түркияга окууга бара жаткан студент кызды эл аралык каттамга коё беришкен жок.

“Менин карындашым Түркияга баруу үчүн тиешелүү бардык документтерди даярдаган. Анын ичинде виза, окуу жайдан чакыруу, демөөрчүлүк тастыктама болгон. Өткөн жумада ал ата-энебиз менен бирге аэропортко келген. Бирок миграция кызматкерлери документтерди текшерип, ата-энебизди өткөрүп, бирок карындашымды коё бербей коюшкан”, – деди түркмөнстандык жаран.

“Азаттыктын” түркмөн кызматына кайрылган жарандын айтымында, андан соң ата-энеси Ашхабаддагы Мамлекеттик миграциялык кызматка барып, жетекчилиги менен сүйлөшкөн. Аткаминерлер бийлик жаш кыздардын чет өлкөдө окуусуна тыюу салып жатканын билдиришкен.

Акыркы убакта түркмөн бийлиги 40 жашка чейинки жарандардын, анын ичинде өзгөчө аялдардын чет өлкөгө чыгуусуна бөгөт коюуда.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: