Саясатта салмагы эмес, карааны да калбай бараткан “Өнүгүү” деген атына заты жарашпаган партиясынын атасы өңдөнгөн Бакыт Төрөбаев парламенттик шайлоо жакындаган сайын, жандалбастап кыймылга келип, сүйлөп калды. Төрөбаев ата кадыры жана байлык күчү менен 9 жылдан депутат болуп келатат. Келатканы курусун, элге берген убадалары эчак унутта калып, өзү да саясатта түз жүрбөй, ары-бери урунуп, былыктарды былгытып, бир топ абийирин такыр эле төгүп алды. Ал жагын өзү деле эң сонун билет. Бирок билсе да, акчасына таянып, келерки шайлоого катышуу аракетин көрүп, дагы да парламенттин төрүн эңсеп турат. “Уялбагандан өзүң уял” дегендей, бул адамда уят деген түшүнүк түк калбаптыр. Эл мындайларга алданбай, “чүкөңдү алыс барып ойно” – деп жолго салып коюшу зарыл.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ