Menu

Депутат Акылбек Жапаров: «Улуттук стратегияга кирген долбоорлордун жарымы ишке ашырылган жок»

Бөлүшүү:

Мамлекеттик сатып алуулар өлкө бюджетинин чоӊ көйгөйлөрүнүн бирине айланды. Мисалы, 2015-жылы ага 46,6 млрд сом жумшалса, 2016-жылы 53 млрд сомду түзөт, ал ички дүӊ өнүмдүн 10,6 пайызына барабар. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин республикалык бюджет маселелерине арналган кеӊейтилген жыйында билдирди.

“Бул акча ички дүӊ өнүмдүн 2,5 пайызга өсүшүн камсыз кылмак. Демек, каражат натыйжасыз пайдаланууда. Биз өнүмдөрдү сырттан сатып албай, беш жыл аралыгында өзүбүз өндүргүдөй абалга жетишибиз керек. Стратегиялык жана жылдык пландардын аткарылышына жакшы көзөмөл жүргүзүлбөйт. Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясы кабыл алынган, бирок андагы долбоорлордун жарымы ишке ашырылган жок”, – дейт эл өкүлү.

Жыйын жүрүшүндө 2016-жылы социалдык муктаждыктарга 70 млрд 300 млн сом жумшала турганы, ал ички дүӊ өнүмдүн 10 пайызын түзөрү, ошол эле учурда, экономиканы өнүктүрүү, негизги фонддорду жакшыртуу багыты каржыланбай келет. Ал үчүн, артыкчылыктуу багыттар катары, киреше базасын көбөйтүү, мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу, анын жолжоболорун өзгөртүү зарыл.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: