Menu

АША “мураскер” катары – Сапар Исаковду таптап жатабы? же “Кыргыз Госдеп” башчысы эл ичинде эмнеси менен эсте калууда?

Бөлүшүү:

Дүйнөдө кайсы бир орчундуу окуя орун орун алса, адатынча баарыбыз “Госдеп не деп айтаар экен?”- деп АКШ Мамлекеттик департамент башчысынын оозун карап калмайыбыз бар. Биздин “Госдеп” бир эле адамдан турат (“биздикинен” айырмаланып, АКШ Мамдепартаменти өлкөнүн тышкы саясатын кармап турган кудуреттүү, он миңдеген адамдар иштеген таасирдүү уюм), ал улуу урматтуу Сапар Исаков!

Расмий түрдө президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы – аппарат жетекчинин орун басары аталганы менен, бүгүн Кыргызстандын бардык тышкы саясатка байланышуу маселелерин ушул жигит тейлейт. Бүтүндөй Тышкы иштер министрлигинин өз алдынча чечим кабыл ала албай, ушул баланын гана оозун карап олтурганы жалганбы? Айтканга оңой көрүнгөн менен, С.Исаков бул жагынан Атамбаевден кийинки эле адам болуп атпайбы. Ошондуктан да, АША чет өлкөлөр менен кандай мамиле куруу жагын ушул жигит менен кеңешет, ал айткан мамлекетке барып келет. Бир ирет Молдовага жасаган жашыруун визити ачыкка чыгып калып, ошондо президентти элди ынындара тургандай шылтоо менен актаган Сапар Исаковго Атамбаев абдан ыраазы болуп, экинчи даражадагы “Манас” орденин ыйгара койгону да бекеринен эмес. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун да бул балага ишенип берип, ал жогорку деңгээлде өткөндөн кийин Сапар президенттин көзүндө башкалардан өйдө каралып калганын да билермандар туура байкаган. Азыр С.Исаковдун таасири күндөн-күнгө артып, мурда тышы саясаттын гана чордонунда кайнап келсе, эми ички саясатта да “погода” жасап жатат. Көзү ачыктар дароо эле Сапарды “Атамбаевдин мураскери” катары таанып, алар айткан-деген божомолдордо “Кийинки президенттин кебете-кешпири..” дегенде туурале бул бала-баатырдын келбетин сүрөттөчү болуп алышты. Сапардын мынчалык жогорулап кетиши “мураскерлик менин колума тийет”- деп олтурган президенттин башка жан-жөкөрлөрүн бир топ бушайманга салып жатканы ачык көрүнбөгөн менен, мындай интрига орун алып турганын Ак үйдөгүлөр өздөрү эле кеп кылып жүрүшөт. Ошондон улам, дал азыр, мураскер катары эртең чыгып калуу ыктымалдуулугу Асылбек Жээнбеков же Икрамжан Илмияновдон жогорураак болуп турган Сапар Исаковдун кечээ басып өткөн жолуна саресеп салып көрсөк кантет?

Максимге да оң кол болгон!

Сапар Исаков (Жумакадырович) болгону 39 жашта, Бишкектик. Кыргызстан эл аралык университетин 1999-жылы аяктаган. Орус, англис, түрк тилдеринде жакшы сүйлөп да, жаза да алат. Документтер менен иштөөдө да өтө тактыгы белгиленип келет. Карьерасын алгач өзү бүткөн университетте сабак берүүдөн баштаган. 2003-2007-жылдары ТИМдин эл аралык укуктук кызматташтык боюнча атташеси, 2-3-секретарь, бөлүм башчысы болуп иштеген. Сапардын иш билгилигин алгач Бакиевдин тушунда президенттик аппарат жетекчиси Медет Садыркулов байкап, андагы премьер-министр Атамбаевге алып келгенин сөз кылышат. Андагы премьер баланын акылын байкап, өз аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнө башчы кылып дайындаган. АША менен мамилеси ошол тапта бекемделгени факт. Атамбаев кеткенден кийин да С.Исаков андан кол үзбөй, кез-кез жолугушуп турганын айтышат. Баса, 2009-жылы Максим Бакиев ЦАРИИ деген желмогузун түзүп, Сапар да ал жакта тышкы байланыштар боюнча бөлүмдү жетектеген. Көп өтпөй бакиевдер талаалап качып, бирок Сапар Исаков алар менен табакташ катары жоопкерчиликке тартылгандын ордуна Атамбаевдин ишараты менен даражасы көтөрүлө баштаган. Сапарга экинчи даражадагы “Манас” орденин тапшырып жатканда анын “Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын сактоого кошкон салымы” белгиленген. А иш жүзүндө, орден ага Атамбаевдин кызыкчылыгын коргогондугу, сатып кетпей, туруктуулугу үчүн ыйгарылгандыгы көптөгөн эксперттер тарабынан айтылган. Иши кылса, эгемен тарыхыбызды аңтарсак, мынча жаш кезинде жогорку мартабалуу сыйлыкка Сапардан башка бир да адам татыбаптыр.

Шеф өзү жардамга келди…

Коомчулук “Атамбаевдин мураскеринин” кез-кез чатактуу иштерге аралаша каларын да жакшы билет. Быйыл жазында бир топ көрүнүктүү оппозициялык ишмерлер камакка алынган. Булар көбүнесе далилдүү фактылардын негизинде эмес, жөн гана телефондук сүйлөшүүлөрү үчүн колго түшүп, соттолуп жатат. Ошо оппозиция-бийлик тиреши күч алып турган убакта бийлик каршылаштары тарабынан Атамбаевди түрк атайын кызматтарынын агенти катары мүнөздөгөн тасма интернетте тарап, анда Сапар Исаковдукуна окшош үн жаңырган. Атамбаев бул үн жазууну бакиевдер таркатканын билдирди (акыркы беш жылда өлкөдө эмне болбосун бакиевдерге шылтап коюу модага айланып кетпетиби). “Мен Бакиевдер куйуп аткан нерселерди укпайм. Мага Исаков менин көптөн берки досум менен сүйлөшкөнүн айтышты. Мунун баарын Бакиевдер жасап жатат. Алар ар дайым мени каралагысы келет. Бирок баары Жаныш Бакиев – Чикатило экенин билишет. Мен Лукашенкого Чикатилонун үй-бүлөсүнө түнөк бергенин, бул жакшылыкка алып барбастыгын айткам”,- деген Атамбаев. Сөз болуп жаткан тасмада президент Атамбаев Ахмед Кая аттуу агент менен жолугушканы айтылат. Сапар Исаковдун Стамбулдагы консулдуктун кызматкери Жылдыз Камбарова менен Ахмад Каяга жолугушуу уюштурууну сүйлөшкөнү жазылган. “Жылдыз Камбаровна, у меня к вам просьба. Поговорите с Ахмед Кая, пожалуйста. Скажите, что шеф его приглашает завтра на ужин, вечером. Гостиница “Диван”,- дейт Исаковдукуна окшош үн. Айтор, бул чырды “шеф” өзү Бакиевдерге шылтап, балким, келечектеги мураскерин калкалаганы – факт.

Ипподром курулушчуларын алдап кеткенби?

Дагы бир чыр – 2014-жылы өткөзүлгөн Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюунун байланыштуу чыккан. Мына ошол “Көчмөндөр оюндарына” карата Чолпон-Ата шаарындагы атмайданды жаңылаган “Темир Канат” ишканасынын жетекчиси Эркинбек Мергенбаев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковго алдап кеткенин айтып, доо койгон. “Бюджеттен ат майданды реконструкциялоо максатында 200 млн сом каралган. Мага алгач 52 млн, кийин 20 млн беришти. Оңдоп-түзөөгө жалпы 87 млн сом короттук. Өкмөт мага дагы 14 млн сом карыз. Сапар Исаков “буга президент өзү да кызыкдар, кийин маселе жаралбайт, акчаны иш бүткөндөн кийин толук беребиз” деген. Биз убагында бүтүргөнүбүзгө карабай акчаны беришкен жок”,- деп айткан Мергенбаев.

Жөнөкөй ишкердин бийик даражалуу чиновникке алы кантип жетсин? Сапар Исаков жооп иретинде Эсеп палатасына буйрук берип, “Темир Канат” ишканасын текшерткен, бирок эреже бузуу таба алышкан эмес, “бирок, Исаковго мындай жооп жакпай, кайра мага акча жеди деп кылмыш ишин козгоп коюшту”,- дейт Мергенбаев. Колдоосу күчтүү Исаков анткен менен Башкы прокуратурага кайрылып, абалды өз пайдасына оодарган. Ошентип, өз чөнтөгүнөн “Кыргызстандын беделине доо кетпесин”- деп алгачкы көчмөндөр оюнуна ипподромду бүтүрүп берген Эркинбек Мергенбаев өзү күнөөкөр болуп чыга келди. Башында “бюджет каражаттарын туура эмес жумшаганы” боюнча айыпталып, анысы далилденбеген соң, “ипподром үчүн олтургучтарды Кытайдан контрабандалык жол менен алып келген”- дешип, камакка алышкан. Ошондо бюджетке 1 млн 570 миң сом зыян келтиргени айтылган. Айтор, Мергенбаевдин оозу көпкө чейин жабылды.

Авиаотун ташып байыдыбы?

Басма сөз беттеринде Сапар Исаковдун АКШнын “Манас” аба майданындагы транзиттик жүк ташуулар борборун авиаотун менен камсыздаган “Газпромнефть-аэро Кыргызстан” компаниясына тийешеси бар экени айтылат. “Азия ньюс” гезити жазгандай, (№ 14, 05.09.2013) акыркы 1,5 жыл ичинде эле аталган компания транзиттик борборго 325 миллион долларга авиаотун саткан. Ошого байланыштуу гезит коррупцияга каршы күрөштү Сапар Исаковдон баштоо керектигин белгилеген. Айрым кептерге ишенсек, Сапар Исаков буга чейин да бул бизнеске аралашып жүргөн. Транзиттик борборго Максим Бакиевдин “Централ Азия Фуэлс компани” дегени Россиядан граждандык самолеттер үчүн алган авиаотунду сатып байыганы сөз болот. Гезит андагы премьер-министр Игорь Чудиновдун (2008-жылы) “Газпромдун” жетекчиси А.Миллерден граждандык авиация үчүн ай сайын 40 миң тонна ГСМ сураган катты жазууну Сапар Исаков демилгелегенин жазган. Сапардын мындай акылдуу кадамдары Максимге жагып, ал ЦАРИИнин тышкы байланыштар бөлүмүнө жетекчи кылган. Демек, Максимдин ордун ошондо Сапар Исаков басып калганбы?

КСДПны да Сапар башкарабы?

Кечээ жакында эле президент Атамбаев өзүнүн Убактылуу өкмөт боюнча каршылаштарын катуу каралап, бул өз кезегинде катуу тирешүүгө жол ачты. Бийлик башында олтургандар Текебаев баш болгон АШАнын каршылаштарынын дүйнө-мүлкүн казып кирди. “Ата-Мекендин” лидери бешене тери менен тапкан мүлкүн журналисттерге ачык көрсөтүп берип, ошол эле учурда президенттин эң жакын адамдары Фарид Ниязов менен Сапар Исаковдун кантип байыганы тууралуу маселе койгон. Мындан көп өтпөй, “Прогресс” коомдук фондунун төрагасы Адил Турдукулов Башкы прокуратурага кайрылып, Сапап Исаковдун мыйзамсыз байыган фактысы боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылды. “Сапар Исаков 127 квадрат метр элиталык батирди кайсы каражатына сатып алганын, 2014-жылы болгону 853 миң 705 сом иштеп таап, кантип андан ашык – 3 миллион 933 миң сом коротконун айтып бериши керек. Мен Сапар Исаков менен 2007-08-жылдарда чогуу иштегендиктен, анын бизнеси бар, бирок декларацияда көрсөтпөй койгон. Айрым кирешелерин декларацияга киргизген эмес, а муну териштириш керек”,- дейт Турдукулов.

“Ата Мекен” фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, азыр иш жүзүндө КСДПны, демек Кыргызстанды Фарид Ниязов менен Сапар Исаков башкарып жатат. Калп айткан менен болобу, Атамбаев өзүнүн 2010-жылдагы революциядан берки жакын санаалашы, акыркы кезде өчөгүштүү душманы Текебаев менен күрөштө жалгыз калгандай сезилген. Анын КСДП аттуу “армиясы” аркылуу жогорку кызматтарга жетип, өзү гана эмес, биттери да семирип жаткан “келемиштер” бул “спектаклди” четтен туруп эле карап турууну чечкен өңдөнөт. А чын-чыныа келгенде буларың АШАга команда болуп деле жарытайт, анткени алардын басымдуу бөлүгү кечээ Акаев менен Бакиевди сатып кеткендерден куралган да. Ошондой кыйын кырдаалда президентти баарынан да ушу Сапар Исаков катуу колдоого алып, Текебаевди жада калса “психикалык жактан текшертиш керек”- деп чыкты. Ошол жагдайда Атамбаев менен Текебаевдин жарашуусу тууралуу кеп козголуп калды эле, “Ата-Мекендин” лидери буга так жана кесе жооп айтты:

“Ар ким өзүнүн чындыгынан баш тартпайт. Айтыла турган сөздөр айтылды, жыйнала турган материалдар жыйналды. Аны жок деп айта албайбыз. Экинчиден, эмоционалдык-саясий жагы бар. Бул жагы туруктуу болбойт, ал кырдаалга жараша күчөп-басаңдап турат. Азыркы айрым бир теракт өңдүү коркунучтарды эске алуу менен эмоционалдык-саясий жагын, саясий чыңалууну азайтса болот. Бийлик тарап аны азайткандын ордуна Фарид Ниязов, Сапар Исаков, Албек Ибраимовдор бийликчил маалымат каражаттары аркылуу отко май чачып жатат”.

Эксперттер ошондуктан, башкасы сатып кетсе да, бала Сапар Атамбаевди президенттик сапарынын аягына чейин коштоорун сөз кылышууда. Эгер кокус өлкөдө күтүүсүз окуялар болуп кетсе, Сапар Исаковдун Чехияга качары да айтыла баштады. “Президенттин тышкы саясатын жетектеген Сапар Исаков Тышкы иштер министрлигине “Чехиядан срочно үй таап бергиле” деген тапшырма бериптир. Бул кабарды ишенимдүү булактардан угуп алып, төбө чачыбыз тик турганы калды. Исаковдун бул кадамында бир мандем бардай. Чехияны көздөй куйрукту түйүп качканы калган го. Же жөн эле үй сатып алып коёюн дегенби. Айтор, мунун арты жакшылык болгой эле. Алмазбек Шаршеновичти сызга отургузуп кетпесе эле болду”,- деп жазат “Ачык саясат” гезити.

Андан башка татыктуусу жокпу?

Парламенттин экс-спикери Зайнидин Курмановдун айтымында, КСДП кайсы талапкерди көрсөтсө, ошол адам мураскер болуп калат: “Ансыз болбойт. Мураскер кетип аткандар үчүн кепилдик, баштаган ишти улантат ж.б. Эгер муну кокусунан келип калган адамга өткөзүп берсе, же оппозицияга өтсө, кыйын абал түзүлөт”.

Коомдук ишмер, акыркы кезде элчиликти аркалап жүргөн, саясаттагы карт бөрү Жаныш Рустенбеков президенттикке Сапар Исаков гана жарай турганын айтып жатат. “Ал акыркы беш жылдан бери Атамбаевдин ишенимине кирип, бүт тышкы саясатты жетектеп келатат. Тышкы саясат президенттин колунда. А аны Сапар Исаков көзөмөлдөйт. Ал биздин тышкы саясататтагы жылыштар, күчтүү кадрлардын өсүп жатышына чоң салым кошту. Алысты көрө алган адам гана күчтүү кадрларды өстүрүүнүн үстүндө иштейт. Жаш экенине карабай Сапар билимдүү, тышкы саясатта чоң тажрыйба топтоду, туура чечимдерди каблы алууну билет. Ал эл аралык коомчулукта таанылган салмактуу инсан. Эн эле жөнөкөй мисалы, Сапар Исаков көчмөндөр оюунун уюштуруп, эл араык деңгээлде чоң тажрыйба топтогонун далилдеди да? Менин Сапар келечекте Кыргызстандын күчтүү жетекчилеринен болорунда күмөнүм жок”,- дейт ал.

Бирок, бир нерсени баса белгилеп коюу керек – президенттин эң ишенимдүү адамы болуу – Кыргызстандын кийинки президенти болуп шайланып калуу бактысын бербейт. Анүчүн эл ичинде “пир во время чумы” аталган “Көчмөндөр оюну” дегенди уюштуруп коюу да аздык кылат. Эң алды президент боло турган адам элге кызмат кылганды билиши керек, бир кишиге эмес. А бул жагынан Сапардын кайсы кызматына көрсөтө алабыз? Анан  өкмөттүк малымат каражаттары аны айга-күнгө теңегени менен, көпчүлүк кыргызстандыктар бул баланы жакшы билбейт. Бул жагдайда, эл добуш берерде жүз тааныган эле талапкерлерге басым жасайт. Албетте, бийлик колдо турганда баарын жасаса болот. Мисалы, административдик ресурс ж.б. Бирок мындай жол менен бийликке келген адам Ак үйдө көпкө кармалып олтурбастыгын белгилеп коёлу.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити

Р.S. Атамбаевдин мураскери болуп калышы ыктымал жан-жөкөрлөрү тууралуу баяныбыз кийинки санда уланат. Кезекте – Асылбек Жээнбеков, анан Икрамжан Илмиянов…

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: