Menu

Ыр – Асейин Саралаев, Апрель төңкөрүшүнүн катышуучусу: “Ким ошондо мародер?”

Бөлүшүү:

Бири айткан мародерду табам деп,
Бири айткан баштан ары чабам деп.
Өлүктөрүн казып чыгып иттердин,
Ит болушту бирин-бири кабам деп…

Ала-Тоодон жүгүргөндөй кут качып.
Атыр жыттуу аба турат ит сасып.
Тазамын деп актангандар куруду,
Ала чачын каптагандай бит басып.

Көрсөтүшүп мокоп калган кылычты,
Талак түшүп ажырашып тынышты.
Токол болуп кайра келсе өлдүк го?
Талтайышат түздөй албай бырышты.

Куйруктардан сүйрөп чыгып салышып,
Душман болду эски достор кабышып.
Бакиевге көө жаба албай калдыңар,
Баарыңарга толгон күнөө жабышып!!

Келкел заман кайра кайтып келеби?
Камап жаткан көп чындыктар жеңеби?
Мародер ким? Кимдер ууру айткыла!
Шоркелдейлер элди алдагың келеби?

Элдер көрдү көп чындыктын бөлүгүн,
Көмө алышпайт эми иттердин өлүгүн.
Билгим келет кимдер ууру, кимдер ак?
Темир тордо ким өткөрсүн өмүрүн?

Мал да кылып, айбан кылып өз калкын,
Бири жүрөт билбей сүйлөп сөз баркын.
“Мародерду билем!” деген доо айткан,
Кана ошолор? Чыгаралы биз тарпын!!!

Тилди басып кантип турам ыр жазбай,
Күйүп барам эл ичинде муң баспай.
Кесем десең тилимди да кесип ал,
Туруп берем чындык үчүн мен качпай!
А.К. Саралаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: