Аз убакытта үй куруп берүү идеясы кыргызстандык ишкер Азиз Төрөкулов тарабынан демилгеленип, учурда ал үйлөрдүн пайдубалы түптөлүүдө. Бул практика Россия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө эчак эле ишке ашырылган. Үй негизинен СИП панель жана ОСПнын жардамы менен тургузулат. СИП панель менен пенополистирол жана эки тарабынан ОСП плитасы менен чапталат. ОСП жана пенополистирол атайын клейдин жардамы менен 18 тонна басымдуулукта жабыштырьшат. Үй жер титирөө жана катуу шамал сыяктуу табият сыноолоруна туруштук бере алат. ОСП жыгачка караганда өрткө сегиз эсе туруктуу, кокус үйдө өрт чыгып кете турган болсо, бир саат бою жалындап кетпей «быкшып» тура берет. Кышкысын жылуулукту узак убакыт бою сактап, жайкысын салкын абаны камсыздап берет. СИП панель 1500-1800 тонна салмакты көтөрөт. Тике турган калыбында 15 тонна салмакты көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар экен.
Куруучунун айтымында, мындай типтеги үйлөрдү куруу тилеги буга чейинки турмуштук практика жана чет өлкөдө иштеп жүргөндөгү тажрыйба сабак болгон. Бул технология менен ишкерлер эки бөлмөлүү чакан үйдөн баштап үч кабаттуу үйлөргө чейин курушат. Үйгө кете турган каражат анын аянтынан көз каранды. Үйдүн бир кв/метри 100 доллардан башталат.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ