Menu

Баркы качкан мугалимдик кесип

Бөлүшүү:

Окуучунун мугалимине каяша айтып, сөзүн укпоосу кадимки көрүнүш болуп бара жаткандай. Эмесе, коомдо орду бийик болуп келген мугалимдин эмгеги толук баркталбай калышынын себеби эмнеде?

Бишкек шаарынын мектептеринин биринде иштеген мугалим кеңсебизге келди. Каарманыбыздын айтымында, айтылуу орто мектепте окутуучу менен ата-эненин ортосунда жаңжал чыккан. Сабакта китеп, дептери жок олтурган окуучусун жаш мугалим урушуп койгон. Окуучу үйүнө барып апасына “Эжейим мени классташтарымдын арасында уят кылды. Катуу сөздөр менен урушту” деп кошмолоп даттанат. Эртеси апасы мектепке келип окуянын чоо-жайын билбей туруп, сүйлөшүү үчүн чыккан мугалимин жаактан ары чаап жиберет. Мектеп мүдүрүнө чейин кирип, жаш мугалимге тынчтык бербей жатып, акыры аны жумуш ордунан кетирип тынат.

Жогорудагы окуя коомубузда мугалим менен окуучунун ортосунда болуп жаткан терс жагдайлардын биз билгенден бири гана. Канчасы көмүскөдө калып жатканы белгисиз. “Эң ардактуу кесип мугалим” деп жаш кезибизден үйрөнгөнүбүзгө карабай, учурда бул кесиптин ээлери өз ордун жоготуп барат. Ата-эне баласынын билимине, жүрүм-турумуна мугалимин милдетүү көрүп, бардык айыпты мектептен издейт. Натыйжада “Окуучуга кол көтөргөнгө акысы жок” деген түшүнүктөгү сабак окубаган, тартипсиз окуучулар мугалимди көзүнө албай калышкан. Айрымдары ата-энесине таянып, каяша айтмак түгүл, кол көтөргөнгө чейин барат.

Билимдин баркы кеткендиктен, мугалим өз ордун жоготууда

Мектепте социалдык педагог болуп эмгектенген Базаралиева Гүлмирабалдардын укугу бардык жактан жогору бааланып, бирок милдети каралбай жатат дейт:

– Билимдин баркы кетип, мугалимдин кадыры төмөндөп жатат. Бирок тарбия башаты үй-бүлөдөн башталат эмеспи. Азыркы ата-энелер башаламан мезгилде калыптангандыктан билимдин, мугалимдин баркына анчалык деле маани беришкен эмес. Батыш маданиятынын таасири астында балдардын укугу бардык нерседен жогору коюлганы менен, алардын милдети каралбай жатат. Ошондуктан мугалимге сый-урмат жок болууда. Экинчиден, азыр көпчүлүктө билимдин бары-жогу каралбай, кеп бир гана акча табууда болуп калды. Каражат табуунун ыңгайлуу жолун билгендер байып кетип жатышат. “Тигил деле билими жок жыргап жашап жатпайбы. Ага караганда баланча билимдүү экенине карабай эптеп жүрөт” деген түшүнүк балдарга тескери үгүт катары таасир этүүдө. Жогорку окуу жайларда дагы студенттердин кандай адис болору каралбай, байлык маселеси биринчи орунда турат. Чынында, буга мугалимдер өздөрүбүз дагы жол берип коюшубуз мүмкүн. Ошондуктан биз балдарга сапаттуу билим берүүбүз зарыл. Балдар бизди укпай жатат, сыйлабай жатат деп таштап койбой, биз билим бере беришибиз керек.

Баланын орой болушуна миграциянын таасири чоң

Ал эми №78 мектеп гимназиясынын мүдүрү Музаева Элнура ата-эне баланы өткөөл куракта таяп-жөлөп, жөнгө салып койсо, бала эч качан өзүнөн улуу адамга баш көтөрбөй, тил тийгизбээрин айтат:

– Биз кыргыз тилдүү мектеп болгондуктанбы, айтор, мугалимди сыйлабоо деген одоно көрүнүш бизде жок. Анткени биз өзүбүздүн салт-санаабызды, маданиятыбызды да окутууга аракет кылабыз. Балдарга буларды үйрөтүп, патриоттук сезимди тарбиялай турган мектептен жана бала-бакчадан башка мекеме жок. Жалпы жонунан айтсам, бул маселе тышкы жана ички миграция менен да байланыштуу. Ата-эне балдарын тааныштарына, туугандарына калтырып кетүүдө. Баланы алып калган тарап болсо анын тарбия жагынан жоопкерчилик албайт. Мен ата-энелерге дайыма айтып келем, ким үчүн иштеп, чет жакка чыгып жатасыз, албетте, балдарыңыз үчүн. Балдарыңыз сизди көрбөсө, тарбияңызды ала албаса, анда эмнеге мындай кадамга барасыздар. Туура, илгери чоң ата, чоң апалар, таенелери тарбиялап коюшчу. Азыр алар аз. Алар балдар аман-эсен жүрсө болду, мектепке барып келип жатат дешет. Ал эми кандай барып келип жатканын көзөмөлдөгөн эч ким жок. Балдарда өткөөл курагы деген болот. Ошондо ата-эне эң биринчи кезекте колдоочусу, таянар тоосу катары өзгөчө эркек балдар үчүн керек. Ошол убакта ата-эне баланы жөлөп-таяп жөнгө салып койсо, бала эч качан өзүнөн улуу адамга кол көтөрбөй, тилин тийгизбейт деп ойлойм.

Илгери мугалимдин алдынан өткөндөн коркушчу

“Мугалим болгондон кийин окуучуларды алдап-соолап тарбия бериш керек” деген ата-энелер да арбын. Өздөрүнүн милдетин мугалимге артып коюп, калганына көңүл бурушпайт. Ээн-эркин өскөн бала каалаганын кылып, улуу кишини көзгө илбей калат. №78 мектеп гимназиясынын алгебра сабагынын окутуучусу Турсункулова Калбүбү бала үйүндө ата-энесине кандай мамиле кылса, мугалимине дагы ошону көрсөтөрүн айтат:

– Тарбия башаты үй-бүлөдөн. Эң биринчи тартип үй-бүлөдө болушу шарт. Эгер үйдө мугалимдин сөзүн ук, улууну сыйла десе бала ойлонот. Ата-энесине кандай мамиле кылса, мугалимине дагы ошону жасайт. Ата-энелердин көбү жумушта болгондуктан бала үйдөн тарбия албай калган. Мугалим биринчи кезекте ата-эне менен тыгыз байланышта болуп, анан бала менен сүйлөшүүсү керек. Кээ бир ата-энелер мектепке бир да жолу басып келбейт. Баласынын кандай окуп жатканын деле билбейт. Алар чогулушка келип, сабактарга катышса абал башкача болмок. Азыр ата-энелердин укугу жашоо шартка байланыштуу мугалимден өйдөрөөк болуп калды. Чынында, мурун мугалимдин алдынан кыя өтүү деген жок эле. Азыр болсо жөөлөп деле кете беришет.

Мугалимдикке эң төмөн упай алгандар тапшырат

Бүгүнкү күндө арзыбаган айлыкка ыраазы болуп, өлкөнүн келечегин тарбиялоого күчүн жумшап келген мугалимдердин абалы чынында эле кейиштүү. Мугалимдик кесиптин баркталбай жатышына мамлекет өзү себепкер өңдүү. Педагогика илимдеринин доктору, профессор жана балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев агай мугалимдик кесипке эң төмөн упай алгандар тапшырышкандыктан, кантип анан сапат, сый жөнүндө сөз болсун дейт:

– Мугалим азыркы коомдо арткараак катмардагы адам болуп калды. Жаштардын баары жакшы кызматты, маяналуу орунду, байманалуу жашоону артык көрүп калды. Бүтжеттен эптеп-септеп каржыланган адамдар экинчи сорттогу адамдарга окшош. Кыйналбаган жашоого көңүлү өсүп калгандар мугалимдерди анча баалай бербейт. Ошон үчүн элита делген саясий элитанын адамдары башкачараак эсептелинип, мугалимдер кара жумушчу катары көрүнүп жатат. Демек, мугалимдерди көтөрүү, баалоо керек. Анткени мугалимге карата улуттун келечеги аныкталат. Мугалим жакшы окутса, жакшы бала чыгат. Муну өкмөт, мамлекет эске алышы керек болчу. Бирок бүгүнкү күндө экономикага, юридикага тийиштүү кызмат жогору көрүнүп, ошондой окууга өтүү азыр приоритеттүү болуп калды. Эң төмөнкү упай менен тестирлөөдөн өткөндөр мугалимдикке барып жатышат. Жогорку упайлар престиждүү деп эсептелген факультеттерге барууда. Төмөнкү упайлар, сапатсыз билим алгандар мектепке барса алар кандай балдарды даярдап, кандай окутат дейсиз? Ошондуктан мамлекет коомдун келечегине пайдалуу балдарды тарбиялайм десе, мугалимдердин баркын көтөрүш керек. Мугалимдик кесипке престиждик мамиле кылып, эң жогорку упай алгандарды педагогикалык адистикке багыттоо зарыл.

Акырында, мугалим коомбуздун кыймылдаткыч күчү, ага ар дайым сый мамиле жасоо керек деп айтмакчыбыз. Ошондой эле коомдо өз ордун жоготуп бара жаткан ардактуу кесип ээлерине мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтпөсөк болбойт. Ата-энелер, коомчулук жана мектеп чогуу иштесе, татыктуу келечек ээлери даярдалып, ортодо сый мамиле жаралмак.

Булак: Саресеп 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: