Menu

Араван районунун жашоочуларынын атынан жазылган арыз боюнча билдирүү жана өтүнүч каты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер- Министри С. Ш. Жээнбековго

Көчүрмөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Ч. А. Турсунбековго

Кыргыз Республикасынын коргоо кеңешинин катчысы Т. Жумакадыровго

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т. Н. Сарыбашовго

Араван районунун жашоочуларынын атынан жазылган арыз боюнча Билдирүү

Биз, Араван районунун тургундары – С. Абдуллаев, Х. Розиев жана  А. Султановдор Сиздердин наамыңыздарга  коллективдүү түрдө жазылган кайрылуу боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайбыз:

Биз аталган кайрылууну интернет барактарынан окуган соң бул маалыматты жазып, чындыкты айтып коюуну өзүбүздүн инсандык парз деп билдик.

Ал кайрылууга бизди кол коюуга үгүттөгөн  бир-эки  киши болду. Алар: «Райондо эт кымбат – килограммы 300 сомдон болуп жатат. Аны арзандатууга жардам бергиле,-деп жогору жакка кайрылып жатабыз», – деп айтканынан биз кол коюп бергенбиз.

Көрсө, ал кайрылуу райондун акими  К. Г.  Айтибаевдин үстүнөн жазылган арыз экен.  Анын аныгын билгенибизде биз да кол коймок эмеспиз. Кийин билсек, кол койдурган ал кишилердин өздөрүнүн кызыкчылыктары бар экен.

Биздин райондун акими  К. Г.  Айтибаевге карата эч кандай дооматыбыз жана нааразычылыгыбыз жок. Анткени, ал акимдикке дайындалгандан бери райондо бир катар алгылыктуу жана көрүнүктүү иштер аткарылды. Маселен, анын демилгеси менен Араван районунун түзүлгөндүгүнүн  80 жылдыгы чон салтанат менен  өткөрүлдү. Райондун 70 жылдыгы белгиленбей калган болучу. Арызда көрсөтүлгөн марафон атайын түзүлгөн комиссиянын көзөмөлү менен өткөрүлгөн жана  чогулган акча каражаты да алардын макулдугу менен чыгымдалган.

2016-жылдын 21-майында “Тарых жана маданият” жылына карата райондо өткөрүлгөн Улуу Мурас фестивалы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын буйругунун негизинде уюштурулуп, аны өткөрүүгө ишкана-мекемелердин жана айыл өкмөттөрүнүн бардыгы активдүү катышышкан.

Биздин райондун бул фестивалы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жогору бааланып, Ош облусунун райондору арасында 1-орун жана 1-даражадагы Диплом ыйгарылып, 50 (элүү) мин сом акчалай сыйлык берилген. Ал акча каражаты 2016-жылдын 7-октябры күнү болгон райондук жыйында ишкана-мекемелер менен айыл өкмөттөрүнүн башчыларына ведомость аркылуу таркатып берилген.

Райондо таштандыларды таштоочу жай маселеси чечилген. Райондун борборунун тазалыгын жакшыртуу маселесин «Араван-тазалык» муниципалдык ишканасы чечип жатат. Бул ишкана 2015-жылы республикалык органдардын жетекчилеринин жакындан көрсөткөн көмөгү менен жаны техникага ээ болду. Учурда атайын долбоордун негизинде дагы бир жаны техниканын жана элүүгө жакын таштанды салынуучу темир ящиктердин келиши күтүлүп жатат.

Араван районуна коңшулаш райондордо эттин баасы 280 сомго түшкөндө, биздин райондо да бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, алардын сунушунун негизинде  2016-жылдын сентябрь айынын акырында 280 сомго түшүрүлдү.

Кадрларды алмаштыруу маселесине келсек, райондун акиминин демилгеси жана сунушу менен акыркы эки жылдын ичинде эч бир жетекчи кызматынан бошотулган эмес.  Ал эми кызматынан бошотулган  жетекчилер тууралуу айтсак, алар иште кетирген кемчиликтери үчүн өздөрүнүн республикалык органдарынын жетекчилеринин  буйругунун негизинде ишинен бошотулгандыгын айтып жүрүшөт.

Туура, райондун акими  К. Г.  Айтибаев райондук денгээлдеги жыйындарда жетекчилерге карата катуу талап коюп, ал талаптын аткарылышын көзөмөлгө алат. Ага биз бир нече ирет райондук жыйындарга катышуу аркылуу күбө болдук.

Районбуздун акими  К. Г.  Айтибаев райондо жашаган 15ке жакын улуттар менен этникалык топтордун арасында ырыс-ынтымакты чындоо, элдин биримдигин бекемдөө багытында көп иштерди жүргүзүп жатат. Аны баарыбыз көрүп, билип турабыз. Бул иш-аракети үчүн ага районубуздун жалпы калкы ыраазычылык билдирип жатышат.

Биз, районубузга  К. Г.  Айтибаевди аким кылып дайындаган республикалык жетекчилерге жана депутаттарга ырахмат айтып, иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

Биз элдин алдында жана кудайдын алдында жүзүбүз жарык болсун, – деп ушул Билдирүү катын сиздерге жазып олтурабыз.

Арыздын маанисин жана максатын  түшүнбөй туруп эле кол коюп бериппиз.

  1. Абдуллаев Сарымсак ажы – Алля Анаров айыл аймагынын тургуну, эмгек ардагери.
  2. Розиев Хасанбай – партиялык жана советтик кызматтардын ардагери, С. Юсупова айыл аймагынын тургуну.
  3. Каримов Хасилжан – «Каримберди» дыйкан чарбанын мүчөсү, С. Юсупова айыл аймагынын тургуну.
  4. Каримов Расулжан – «Каримберди» дыйкан чарбанын мүчөсү, С. Юсупова айыл аймагынын тургуну.

                                                       25-октябрь, 2016-жыл

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: