Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясынын кезектеги жыйынында депутат Алмазбек Баатырбеков фракция лидерлигине бир добуштан шайланды. Калган талапкерлерлер өз каалоосу боюнча талапкерлигин алып салышты. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Депутат Алмазбек Баатырбеков буга чейин Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетин жетектеп келген.
Ал эми «Кыргызстан» фракциясынын мурдагы лидери Канатбек Исаев жалпы партиялык иштер менен алектенүүнү чечти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ