Menu

Бүгүн КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-октябрда КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшырды. Бул тууралу КР Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын катчылыгы атайын билдирүү таратты.

Мээрбек Мискенбаев КСДП партиясынын тизмеси менен былтыр, 2015-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоого катышып, 28-октябрда депутаттык мандатын алган. Туптуура 1 жыл өткөндө өз ыйгарым укуктарын тапшырып кетүүгө мажбур болду.

“Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын биринчи жылында өтө маанилүү мыйзам долбоорлору жана чечимдер кабыл алынды. Бул процесстерге катышуу мен үчүн чоң тажрыйба болду. Бирок, парламент ар кандай саясый оюндар менен интригалардын ордосу боло турганын да көрдүм. Бул жерде ар кандай кызыкчылыктардын кагылыштары болот экен. Карапайым элдин арасынан чыккан мен үчүн мындай оюндар кызыксыз. Ошондой эле мага дайыма коомчулуктун жана массалык маалымат каражаттарынын көңүл чордонунда болуу да жакпайт. Ушул себептерге байланыштуу мен депутаттык мандатымды тапшыруу чечимин кабыл алдым”, – деп билдирген Мээрбек Мискенбаев.

Эсиңиздерге сала кетсек, Мээрбек Мискенбаев “элдик куудулдар апрель баатырларын шылдыңдап жатышат, аларды чектөө керек” деген идеясы менен элге таанылган. Кийинчерээк ал жетектеген апрель окуяларынын катышуучуларынан түзүлгөн уюмдун мүчөлөрү аларга бөлүнгөн акчаны Мискенбаев жеп алды деп айыптап чыгышкан.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: