Menu

Самат Курманкулов, Бишкек шаардык милициянын башчысы, полковник: “Милициянын баары коомдогу жат көрүнүштөргө барышат деп ойлобойм”

Бөлүшүү:

— Самат мырза, сиз жетекчилик кылып баштагандан бери 4–5 айдын жүзу болду, кандай жетишкендиктерге жетише алдыңыз?

— Мен бул орунга келгенден мурун эле ушул эле башкармалыкта, жетекчинин орун басары болуп иштеп келгем. Бул башкармалык мага бөтөн эмес, мен сырттан келген жокмун. Ошондуктан мен башкармалыкта өздүк курам менен жетекчи катары бүгүнкү күндө иш алып барып жатам. Эң негизгиси, министр, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиевдин беш багыты менен иш алып барып жатабыз. Ал беш багыт биринчиден, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, экстремизм жана терроризм менен күрөшүү, экинчи багыты – реформаны жүргүзүү, үчүнчү багыт кесипкөй жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, төртүнчү – коопсуздук шаар долбоорун ишке ашыруу, бешинчи багыт – элдин ишенимине ээ болуу. Бүгүнкү күндө бул багыттар менен иштөөнүн натыйжалары жакшы натыйжаларга ээ. Жакында эле биздин министрликте 9 айдын жыйынтыгын чыгаруу максатында министрликте ыкчам кеңешме болуп өттү, ал жерден Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы республикадагы ички иштер башкармалыктарынын ичинен жогоруда айтылган беш багыттардын негизинде иш алып баруунун натыйжасында үчүнчү орунга ээ болдук. Ал эми кандай жетишкендиктерге жетишип жатканыбызды шаардын тургундары жана меймандары сындап өздөрү айтышат, жеке мен өзүм айта албайм.

— Азыркы мезгилде коомчулук арасында, сойкулар тууралуу талкуулар күч алып, милиция кызматкерлери өздөрү калкалап турушат экен дегендер көп болуп жатат, буга кандай карайсыз?

— Бул туура, бүгүнкү күндөрү Бишкектин көчөлөрүндө мурункудай ачыктан ачык туруп алышкандары жок. Мен башкармалыкка жаңы жетекчи болуп келгенде министрликте алты айдын жыйынтыгы бүтүп, пресс-конференцияда бир журналист, ушул сойкулар тууралуу суроо бергенде, мен бир жуманын ичинде Лев Толстой менен Кулатов жана Ибраимов менен Фрунзе көчөлөрүндө турган сойкуларды тазалайм деп айткам. Ал чын, бирок кийин бул сөзүмдү журналисттер бурмалап, Бишкектеги болгон сойкуларды тазалайм деген мааниде берип коюшкан. Мен чындыгында жанагы жогоруда айтылган көчөлөрдөн сойкуларды тазалоого жетиштим.

Анан айта кетчү нерсе, өзүңүздөргө белгилүү өзгөчө социалдык түйүндөрдө жакында №10-шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери тууралуу видео-тасма таралып кетти. Аны жашыра албайм. Милициянын баары коомдогу ушундай жат көрүнүштөргө барышат деп мен ойлобойм. Бул кызматкерге карата бир эмес эки жолу кызматтык териштирүүлөр болду, ошол териштирүүлөрдүн натыйжасы Бишкек шаардык прокуратурасына юридикалык баа берүү максатында жиберилди. Прокуратуранын кызматкерлери кандай чечим чыгарат, ошону күтүп жатабыз. Милиция кызматкерлери ушундай жат көрүнүштөргө тиешелери бар болсо катуу чара көрүлөөрү тууралуу эскертилип, арабызда мындайларды ашкерелөө иштери кызуу жүрүп жатат.

— Коомчулукта Бишкек ШИИББ кызматы кызматтык трамплин катары келечектеги министрлерди даярдаган акжолтой орун катары белгилүү. Мындай мисалга жогорудагы мен атаган генералдар ИИМ жетекчилигине секирик жасашкандыгы толук факт боло алат. Айтыңызчы, сиз дагы келечекте бул орундан министр болуп кетүүгө тымызын тилек кылып жатасызбы?

— Сиз туура айтасыз, ушул Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси болуп туруп министр болуп кетүү адатка айланган. Мен ал жөнүндө ойлоно да элекмин, Бишкек шаардык милициянын жетекчиси болуп отургандан бери эле, мага болгон ишеничти актоонун аракеттерин көрүп жатам.

— Миллиондон ашык калкы бар баш калаада айрым “кызыл шапкечендердин” ишиндеги “итчилигинен” жабыркаган жарандар жок эмес. Мындай катмардагы карапайым шаар тургундары сизге түз кириши кыйын да. Андыктан, Ош базары болобу же автобекет, ооруканада болобу карапайым элге капысынан бара калып аралашып, шаардыктардын милицияга болгон “муш кезөөсүн” укканга мүмкүнчүлүгүңүз жетип жатабы?

— Сиз туура айтып, туура суроо берип жатасыз, милициянын катарында дагы кой терисин жамынган карышкырлар да бар. Ошол колу, ою таза эмес милиция кызматкерлеринен жабыркаган жарандар жок деп айталбайм, мен мактангандай болбоюн, ушундай жат көрүнүштөрдү болтурбоо максатында, өздүк курам менен иштеген башкармалыктагы жана райондук милициянын башчысынын орун басарларына, мындай жат көрүнүштөрдөн алыс болушсун деп ар дайым эскертүүлөр жүргүзүлүп жатат, эгерде жогоруда айтылгандай милициядан жабыркагандар болсо, кызматтык териштирүүлөр жүргүзүлүп, канчалык күнөөсү далилденсе ички иштер органдарынан кетирүүгө чейин барып жатабыз. Себеби мындай кызматкерлерден арылсак, башкаларга сабак болуп, биздин арабыз тазарат деген ойдомун.

— Адатта, “кызыл шапкечендердин” башчыларына Ак үй менен Көк үйдөн милициядагы ага-тууган, дос-тааныш, куда-сөөгүнө кызмат сураган чиновниктер болоорун сиз деле жокко чыгара албайсыз. Өзүңүз да мага “баардык иште ачыкмын” деп “балп” эттирбедиңизби? Кайсы чиновниктер сизге чалып, кызмат сураганын ачык айта алганга эркиңиз жетеби?

— Мен эмне үчүн айткан сөзүмдү танышым керек, ооба, ар кандай чиновниктер, депутаттар жана башка атка минерлер телефон чалышып, бул иним эле, карындашым эле, кайним эле, кудам эле деп сурангандар болот. Себеби биздин менталитетибизге жараша да, кыргыз элинин арасында бул көнүмүш адат да. Мындай көрүнүш баардык эле жерде болуш керек деп ойлойм, өзгөчө бизде кыргыз элинде.

Маектешкен Н.Камбаралиев

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: