Menu

Видео – Бердымухамедовдун сапарына байланышту Ургенчке кирүү жолдору жабылды

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Хорезм облусундагы сапарына байланыштуу Ургенч шаарынын кирүү-чыгуу жолдору жабылды.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 24-мартта Хорезмдеги эл аралык аэропортто Гурбангулы Бердымухамедовду тосуп алды.

Хорезим облусунун Ханкин районунун жашоочусу билдиргендей, акыркы эки күндөн бери Ургенчке кирүүгө же чыгууга тыюу салынган. “Кызым ар күнү Ханкин районунан Ургенче барып келип окуйт. Ал эки күндөн бери үйгө келе албай жатат. Соңку эки күндөн бери ал курбусунун үйүндө жашоодо. Кызым колледжде окуйт. Ал мага телефон чалып, президенттердин келишин утурлай бир күн кечке көчөдө турушарын айтты”, – деди ал.

Адатта Өзбекстанда чет өлкөдөн жогорку даражадагы коноктор келерде республиканын кайсы бир облусу же шаарлары жабылат. Бийлик муну коопсуздук чаралары катары түшүндүрөт.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 23-апрелде эки күндүк мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга келген.

https://www.youtube.com/watch?v=5YDQRb2LNKY&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: