Menu

Эркебек Ашырходжаев, Бишкек шаардык Октябрь райондук ИББнин тергөө бөлүмүнүн башчысы: “Милициянын иши оор экенин билгендер гана билет”

Бөлүшүү:

-Эркебек  Жумабекович, Октябрь райондук ИИБде башкы тергөөчү болуп иштеп жатканыңызга канча болду?

-Төрт жыл болду. Ага чейин тергөөчү болуп ИИМдин башка бөлүмдөрүндө эмгектенгем. Жалпысынан милициялык кесипти аркалап келе жатканыма 20 жыл болду. Жыйырма жылдан бери көптү көрдүм. Көрө элек алдыда дагы далай нерселер бар деп эсептейм. Кудай ден соолук берсе иштегенге не жетсин. Сенде, менде, кимде болбосун жакшылык кылам, ийгиликке жетем деген умтулуу болуш керек. Бир кызматта, бир орунда отура бербей ийгиликтерге жетип, бийиктиктерге жетүүгө умтулуу болуш керек. Күн дебей, түн дебей эмгектенип жакшы иштеп, эл үчүн иштөөнү максат кылып, ал-күч бар кезинде иштеп калыш керек. Уктаганга, эс алганга кийин деле жетишебиз, буюрса.

Милиция эң опурталдуу кесиптердин бири эмеспи, бул кесипти тандап алганыңызга өкүнбөйсүзбү?

– Эми өкүнсөм мындай ийгиликтерге жетип, мындай иштебейт элем го? Негизинен бул кызматта, чынын айтканда милицияны чын дили менен сүйгөн адам иштеши керек. Бардык милиция бөлүмдөрүнүн жумушу оор. Ар кандай кырдаалдар болот, ар бирине чыдаш керек. Бул кызматта болгон соң жакшы да көрүнөсүң, жаман да көрүнөсүң. Анан ошол жамандыкты көтөрө билиш да оңой эмес. Дагы бир мисал катары айта кетсем, бул иштөө убактысы. Эл катары эртең менен саат тогузда келип, кечинде алтыда кетип калмай жок. Коомдогу кырдаалга жана башка ар кандай шарттарга жараша кээде таң атпай төрт-беште келиш керек болот. Анан ошону менен бир сутка, кээде андан да узакка, жумалап, айлап иштеп калышың мүмкүн. Мындай графикке бардыгы эле чыдай бербейт. Милициянын ишин түшүнүш үчүн, аралашып, чогуу жүрүп ичине кириш керек. Күндөп болсо күндөп, түндөп болсо түндөп жүрүп гана милициянын иши оор экени билинет. Кээде айтып калышат го мындай кылса болмок, тигиндей кылса болмок депчи, а бирок сыртынан оңой көрүнгөнү менен чындыгында ар бир кырдаал, ар бир милициянын иши татаал. Милиция өз үйүнүн босогосун аттап чыккандан баштап бычактын мизи менен жүрөт. Кайра ошол босогону аттап үйүнө келип жатканга чейин анын башынан кандай гана түйшүк өткөнүн бардыгы эле биле бербейт. Жакшы жагы кылган кызматы. Мисалы, бир эле тоогун урдатып жиберип, анан аны кайра милиция таап келип берсе, тоок ээси ушунчалык сүйүнүп,батасын берет. Негизи эле башка дагы жабырланган тараптын иши оңунан чыгып, кубанып, сүйүнүп ыраазычылык билдиргенде, баягы түйшүктөнүп кылган ишиңден чарчаганыңды, кыйналганыңды унутуп, бир заматта эс ала түшөсүң. Адамга жакшылык кылганда ырахаттанасың, ошондуктан мен бул кесипти тандап алганыма эч качан өкүнбөйм.

 – Милиция болом деген жаш улан-кыздарга кандай кеңеш бере аласыз?

– Чынын айтканда азыр милиция болуш аябай эле татаал. Милиция кызматына келе жаткан жаш улан-кыздар көп эле. Академиядан, бөлөк ЖОЖдордон бүтүп келип да иштеп жатышат. Жогоруда айтып өткөн бардык кыйынчылыктарга карабай иштейбиз деп кесипти сүйүп жаткандарына кубанып, кеңешим: ушундай сүйүүсүнөн жазбай, мекенине чын дилинен кызмат кылышсын. Негизгиси таза иштеп, бирөөнү күйгүзбөй жана акыйкаттыктан жазбасын. Болгону ушул үч сапатка бекем турушса эле ийгиликке жетишет. Милиция мыйзамды сыйлап, башка жарандарды дагы мыйзам алдында бирдей болуусуна өбөлгө болушу шарт.

-Бүгүнкү милициялар майрамы менен кесиптештериңизге болгон кандай каалоо-тилегиңиз бар?

-Кесиптештериме биринчи кезекте ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Милициянын үй-бүлөлүк тылы бекем болушу шарт. Үйүңдө тынчтык болсо ишиң да ийгиликтүү уланат. Тергөөчүлөргө айтаарым:  эч кимди күйгүзбөй, адилеттүү болсоң эле ийгиликтерге жетесиң. Пендечиликте көрө албастыктар, ар кандай сын-пикирлер болбой койбойт, ошонун баарын көтөрө билүү керек.

Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: