Menu

Эрих Мария Ремарк генийби, уурубу, же аферистпи?

Бөлүшүү:

Атактуу жазуучу Эрих Мария Ремарктын өмүрүнөн алынган айрым анча белгисиз фактылар

XX кылымдын адабияты жана искусствосу мезгил өткөн сайын бизден улам алыстап баражатат. Тарыхый фактыларды айтпаганда, адабият жана искусстводогу орун алган окуялардын жаңырыгы адамзатты дагы эчен кылымдар бою коштоп, адамзаттын руханий азыгы болуп жашай берери шексиз. Албетте, мезгил сыны деген эң катаал, эң калыс электен саналуу гана татыктуулары өтөру талашсыз. Андай улуу баага бүтүндөй өлкөлөрду жана элдерди алып караганда да, өзгөчөлөнуп көрүнүп, ал тургай ошол элдин жана маданияттын кайсыл бир деңгээлдеги символу сыяктанып кала турган үлгүдөгү чыгармалар гана доордон доорго өтүп, кылымдан кылымга ашып, өз элинин гана эмес, жалпы эле гуманисттик идеяга сугарылган адамзаттын руханий энчиси катары жашай берет…

XX кылымдагы биринчи жарым жылдыкта Дүйнөлүк адабияттагы көптөгөн залкар ысымдардын катарында Алтын Кылым дегендей агым-толкун жаралбаса да, айрым бир ошондой деңгээлге жеткен сейрек фигуралар дээрлик бардык эле элдердин жана өлкөлөрдүн адабияттарынан жок дегенде экиден-үчтөн учурайт. Андай ысымдарды санап олтуруунун кажети да жок. Баягы эле жогоруда айтылган сымак, алар азыр да ар бирибиздин күнүмдүк жашообузга руханий азык берген чыгармаларды жараткан инсандар. Кезегинде Эрнест Хемингуэй сымал эле бардык тилдерге которулуп, өзгөчө популярдуулугу менен дүйнөлүк адабияттан өз ордун ээлеген немец жазуучусу Эрих Мария Ремарктын чыгармаларын билбеген адамдар аз эле болсо керек.

А азырынча, биз өз окурмандарыбыз үчүн, Ремарктын өмурунөн алынган, мурда жалпы коомчулукка анча кеңири белгисиз болуп келген айрым фактылар жөнундө гана чакан макаланы тартууламакчыбыз.

Железный крест Орденин алуудан баш тарткан

Ремарк абдан терең ишенимдеги пацифист (дилинде согушка, куралга каршы адам) болгон. Бирок, немец закондору ал кезде мындай нерселерге көңүл да бурчу эмес. Ошондуктан, 1916-жылдын ноябрында болочок жазуучуну армиянын катарына чакырышат да, Батыш фронтуна жөнөтүшөт. Чек арадагы алдыңкы катарда Ремаркка көп убакытка кызмат кылуу деле буйрубаптыр. 1917-жылдын июлунда Эрих Мария дароо эле беш жеринен жаракат алат. Ал жаракаттардын бири колунан болчу. Дал ушул колунан алган жаракатынан улам Ремарк абдан эси чыгат. Ал кезде жаш жигит музыкалык карьера жасоо тууралуу кыялданып жүргөн чагы болчу. Ал бул жаатта чынында эле көптү үмүттөндүргөн шыгы бар адам эле. Бир жылдан ашуун госпиталда жатып чыккан соң, Ремарк запаста турган пехоталык батальонго которулат. Ошол эле кезде Жумушчулар жана солдаттар Совети Ремаркты I баскычтагы Железный крест ордени менен сыйламакчы болот. Ремарк мындан кичипейилдик менен гана акырын баш тартып коет.

Эротикалык комикстерди жазып, цыгандар менен чогуу табордо жашаган

Эң сонун билими бар, ар нерсеге шыктуу, сүйкүмдүү Ремарк 1920-жылдардагы катаал мезгилде ар түркүн кесиптерди алмаштырып көрүүгө да мажбур болгон жайы бар. Ал кесиптердин көбү анын азыркы калыптанып калган образына такыр эле коошпойт. Бир учурда Ремарк көчөлөрдү кыдырып, кыйкырып жүрүп кездемелердин кесиндилерин саткан учурлары да болгон. Андан соң ал мүрзөлөргө эстеликтерди даярдоочу компанияга кызматка өткөн. Жекшемби күндөрдө чиркөөдө жана да жин оорусу менен ооругандардын клиникасында органда ойноп жүргөн. Андан сырткары ал эротикалык комикстердин текстин жазчу. Белгилүү бир рубрикалар боюнча газета менен кызматташчу. Ал рубрикалардын биринде ал алкоголдук ичимдиктердин коктейлин кантип жасоо боюнча өзүнүн жекече рецепттери менен да окурмандарды тааныштырчу. Анан бир кезде, ушул жарыбаган каражат берген жумуштардын баары тажатканда, ал баарын таштап, өзүнүн бир баштык болгон буюмдарын алып, убактылуу көйгөйлөрдөн арылуу үчүн цыган таборуна чогуу жашоого кетип калган учурлары да боло турган.

Ал Геббельстин жеке – өз душманына айланган

Өзүнүн өлбөс-өчпөс романынын («На западном фронте без перемен») Ремарк бар болгону алты жумада жазып бүтүргөн. Бул китеп эбегейсиз чоң ийгиликке ээ болгон. Биринчи жылы 1,5 млн экземпляр китеп сатылган. Албетте, Ремарк дароо эле чыныгы миллионерге айланган. Анан дароо аны көрө албагандар жана өтө таасирдүү душмандары да кошо пайда болгон. Жазуучуну уятсыздык менен, ал бул чыгарманын идеясын өзүнүн курман болгон жолдош жоокеринен уурдап алгандыгы жөнүндө айтып чыгышкан. Айрымдар, ал тургай бул чыгарманын идеясын гана эмес, ал чыгарманын кол жазмасын – текстти уурдап алган деп айта башташкан. Бирок, мындай айыптоолор жана айың кептердин баары тең жазуучуга каршы нацисттик жетекчилик уюштурган куугунтукка караганда болбогон эле бир нерседей болуп калат. Ремаркты жазуучу жана жакшы адам катары жок кылуу кампаниясынын башында Геббельс өзү турат. Жазуучуну мекендин саткыны деп жарыялашып анын китептерин отко ыргыта башташат.

Акчанын көптүгүнөн улам, калем акыны кайда жумшоону да билбей калган

1932-жылы Ремарк,-бул кезде ал миллионер болуп калган кези болчу,-Германиядан чыгып кетип, Швейцарияга барып отурукташат. Ап жерден жазуучу заңгыраган кооз үйдү сатып алып, аны өзүнүн жеке аксарайы деп атайт. Ушундан баштап бай жана таанымал адамга мүнөздүү болгон бейкам жана жайбаракат жашоо өнүктүрүүнү адатка айланткан. Акчаны, кайда иштетүүнү билбегендиктен улам, Ремарк өзүнө бир хобби табат: ар түркүн антиквариаттарды коллекция кылып жыя баштайт. Кандайдыр бир көркөмдүк наркы бар нерселердин баарын тең сатып алууну улантат. Ал Ренуардын, Ван Гогдун. Деганын картиналарын сатып алат. Мындан сырткары, персид килемдерин, эски күзгүлөрдү, байыркы кытайдын колодон жасалган фигураларын чогултат. Кыскасы ал наркы бар жана сатып алууга мүмкүн болгон бардык нерселерди топтой берет. Арийне, кийинчерээк бул хобби аны жадаткандыктан, Ремарк баарын таштап, Америкага кетүүнү чечет. Ал жакта өзү ак эмгеги менен иштеп тапкан калем акылык акчаны ыңгайлуу жана пайдалуу колдонууга бир арга табылат го деп ойлойт.

Марлен Дитрих үчүн бир жолу аз жерден өлүп кала жаздаган

Америкага Ремарк, чынын айтканда, актриса Марлен Дитрихке жетүү үчүн барган эле. Алар 1930-жылы эле Германияда таанышышкан болчу. Бул эки таанымал инсандын ортосунда абдан кумарлуу сүйүү романы башталып калган. Дитрих да жазуучуну абдан жакшы көрчү. Аны өзү билген эркектердин ичинен эң сулуусу жана эң кумарлуусу деп атаган. Ремарк да өз кезегинде Марленге эч кимди теңебей турган. Ал үчүн актриса аялзатынын идеалы сыяктуу сезилчү. Арийне, алардын жеке мамилелери абдан татаал эле. Дитрих менен Ремарктын романы бирде алоолоп күчөп.бирде быкшып-түтөп жүрүп олтурган. Ошентип жүрүп, алты жыл өтүп кеткен. Акыры жазуучу актрисага үйлөнүү тууралуу сунуш жасайт. Буга жооп иретинде, Дитрих, көзүн сүзүп, өз жигитине жакында эле белгилүү бир голливуд актерунан боюна бүтүп, аборт жасоого барганын моюнга алат. Дал ушул кезде Ремарк өзүнүн бул аял менен бактылуу боло албасын түшүнөт. Анан ал Марленге экөөбүз дос бойдон калалык деп сунуш кылат. Таң кала турган нерсе, алар чынында эле достук мамиледе калышып, жазуучунун көзү өткөнгө чейин бири-бирине кат жазып турушкан. Ремарк актриса менен ажырашууну абдан терең сокку катары кабыл алат. Арийне, мындай көңүл оорусунан айыгууга ага башка бир таанымал актриса- Полетт Годдар жардам берген. Ал бул кезде мурунку күйөөсү Чарли Чаплин менен эми гана жаңы эле ажырашкан кези болчу… Ким билет, балким, Эрих Мария Ремарктын эң мыкты чыгармаларынын биринде (“Трумфальная арка”) башкы каармандын актриса менен болгон романтикалуу сүйүүсүндө да, автордун ички жандүйнөсүндө из калтырган элестердин кандайдыр бир реминисценциялары камтылгандыр?.. Кандай болгон күндө да, бир нерсе талашсыз чындык – Ремарк өзүнүн эң мыкты каармандары сымал эле, толук кандуу жана кызыктуу, ары драмадуу, ары трагедиялуу, ары бактылуу жашоону баштан кечирген жазуучулардын бири десек болот.

Жумабек Кыдырбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: