Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов баштаган “Референдумга жол жок” кыймылы Бишкек шаардык кеңешине карай шайлоодо “Ата Мекен” партиясын колдоп чыкканга токтолушууда (эгерде партия жарышка аттанса). А бирок, башта кызык даярдыкты башташкан “атамекенчилердин” ушул күндөрү шаардык кеңештин шайлоосуна катышаар-катышпастыгы арсар бойдон калууда. Көрсө, Өмүрбек Текебаев жаңжалды салгандан бери аны айланчыктаган бизнесмендер бийликтин кысымына чыдабай, “ойт берип” качышканы маалым болду. Шаардык кеңеш менен референдум бийлик күткөндөй жыйынтыкталса, президенттик шайлоого дейре Өмүрбек Текебаевди биротоле алсыратуу саясаты күтүлүп жаткандыгы тар чөйрөдө кызуу кепке айланды. Бүтүндөй үй-бүлөлүк эки бийликтин башын жеген Өмүкени алсыратыш кыйын го? Адатта “алсыратабыз” дегендер өздөрү аласалып кетишчү эле.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ