Menu

Атамбаев “бөрүлөргө” аңчылык баштады…

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев Арча-Бешиктеги «Газпром» курган спорт комплекстин ачылышында Ахматбек Келдибековду, Бакыт Төрөбаевди жана «Бир Бол» партиясын сынга алды. Буларды жеке басар катары мүнөздөп, элге пайдасы жок экенинен кабар бергенсиди. Сөздүн түпкүрүндө бакиевчилерди, «акжолчуларды» каарып өттү, эми аларга укурук ыргытылабы? Албетте, сын пикирден кийин чечкиндүү реакциялар болушу мүмкүн.

Карапайым калк астында президенттин оозунан чыккан сөз жерде калбашы шарт. Натыйжада, күч органдары тиешелүу адамдарды иликтөөгө алаары бышык. Мамлекеттин бүтүндүгүнө, элдин тынчтыгына канчалык деңгээлде шек келтирип атышканын анализге алуу менен жыйынтык чыгарышат. Буга чейин ошол эле А. Келдибековду, К.Ташиевди, М.Мырзакматовду, С.Жапаровду куугунтуктаган бийлик үчүн таасирлүү Б.Төрөбаев, У.Ормонов, А. Сулайманов кеп бекен? Мындан ары аты аталгандар Акүйдүн 7-кабатына кулдук уруш керек, же алардын ишмердиктери тергөөгө алынат. Себеби, бул саясый күрөш. (Баса, убагында Исхак Пирматов коррупция боюнча айыпталып, аз жерден камалып кете жаздаганын билесиңер да. Ал ушуга чейин оозуна талкан тыгып алгандай шүк жүрү.) Негизи бийлик экс-«акжолчуларды» эмитен тыйып, алсыратып салбаса, эртең президенттик шайлоодо күчтүү дымактары менен А.Шаршенович сүрөгөн талапкерди түштүктөн жүдөтүп, добуштарды «ит талагандай» кылышары ажеп эмес. Андыктан, өл­кө башчысы арканды алыс ыргытып, «азуулуу бөрүлөргө» тап берүү менен жүрөктөрүнүн үшүн алабы? Эске сала кетчү жагдай, биз Б.Төрөбаевди, У.Ормоновду, А.Сулаймановду кылмышка шектүү катары карагыбыз келбейт, би­рок, саясый күрөштүн күчөшү менен булардын образы кандай түстө боёлору бийликтен көз каранды…

Ансыз да парламентте тымызын түрдө президенттин саясатына ичи чыкпаган, ыңгайы келсе көр каза тургандар арбын. Ачык душмандашууга чыккан Өмүрбек Текебаев бийлик үчүн анчейин деле коркунучтуу эмес. Экөө кайым айтышуу ме­нен кала беришет. Кептин баары тымызын былгып жаткандарда. Коомчулук ичинен көрүп атабыз, өзгөчө Курманбек Бакиевдин бийлигин эңсегендер, канды көксөгөндөр чыгууда. Ошолордун баштоочулары кечээги «акжолчулар» эмеспи? Кеч болсо да реванш алууга батынган эргулдардын армиясы кийинки жылдагы президенттик шайлоодо К.Бакиевдин мураскерин көтөрүшүп, жеңиш­ке жетишсе кантесиңер? Элге ишеним азайды, акча кайсы жакта көп болсо, ошол жагына ооп кете берет экен. Өткөн шайлоолор далилдеди го? Мисалы, Б.Төрөбаев, Ө.Бабанов, А.Мадумаров, А.Келдибеков, К.Ташиев өңдүү оор калибрдүү саясатчылар кагылып-согулушканы менен кыйла чыйралып турушат. Булардын финансы ресурстары, электораты күчтүү. Бекеринен А.Атамбаевдин чый-пыйы чыгып атпаса керек да.

Ошентип, бийлик шайлоо стартына чейин жолду тазалоо жагына өтөт. Моюн сунгандар менен соодалашып (мисалы, экс-министр Калыкбек Султанов сыяктуу капчыктууларды короо шыпырткандай иштетти го), ошентип, жоошуган саясатчыларга тийбейт, ал эми хан такты үчүн күрөшүүгө батынгандардын «көзүн талалайт»! Буга чейин УОК лидерлери Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, «Элдик парламенттин» Бекболот Талгарбеков баштаган бир топ лидерлери камалды. Эл көтөрүлдүбү? Жок. Тескерисинче, көпчүлүк А.Атамбаевдин туруктуулук үчүн күрөшкөнүн колдошууда. Эгер мындан ары капчыктуу фигуралар №1 резиденцияга саясый каршылык көрсөтүшүп, күз күрөшкө чейин үндөрүн бийик көтөрүшсө, күч органдары оңой эле компроматтарды табуу менен камай баштайт. Аныгында, карапайым калкка жүзүнөн май тамган, мамлекеттин эсебинен байыган, ак көйнөк кийинген маслократтардын камалышы жагат экен. Кыскасы, аламан алдында «кыңк» эткендер кынга кирет. Бийлик мураскерине каршы акчалуу оппоненттер чыкпагандан кийин шайлоо жеңил эле өтөт. Ким эле жылуу-жумшак жашоосун сыз түрмөгө алмаштыргысы келсин?

Ток этери, бакиевчи, «акжолчу» реваншистгерге президент алдыртан сокку ур­ду. Бүгүн тизгиндеп албаса, эртең алар ээ-жаа бербей кетиши толук мүмкүн. Иш жүзүндө кежендегендер үчүн мамлекеттик машина кыймылдай баштады. Тебелейт… Кызыгы, КСДП накта күчтөнүү жолуна түштү…

Улан Шамилбеков

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: