Menu

Төңкөрүштүн кесепети: Муфтий Мураталы ажыны катуу уруп, Байтиктин үстү жагына таштап кетишкен

Бөлүшүү:

Мурунку муфтий Мураталы Жумановдун өлүмү коомчулукка табышмак бойдон калган. Ошол учурда онкология борборун жетектеп турган Накен Касиев аны «оорунун айынан каза тапты» деп айткан. Бирок депутат Өмүрбек Текебаев жакында ажы катуу токмоктун кесепетинен өзүнө келе албай оо дүйнө салганын жар кылып жиберди.

Бир кезде өлкөнүн дин тармагын көзөмөлдөгөн, экинчиден маркум Мураталы ажынын айылдаш агасы болгон Жолборс Жоробеков агай менен окуяга жарык издеп көрдүк.

-Мураталы ажы менен айылдашсыз, нары иштеген тармагыңыздар да бир болгон экен…

-Мен Акаевдин, Бакиевдин убагында да дин комиссиясын жетектегем. Мураталы ажы айылдашым болот. Аны бармактайынан бери билем. Мураталы ажы баардык тарабынан таланттуу бала болчу. Кызык нерсе, ал мектепте окуп жүргөн убагын­да өздүк көркөм чыгармачылыкка катышып жүрүп, молдонун ролдорун ойногон экен… Мураталы ажы адамдарга өтө жугумдуу болчу. Өзүнүн сөзү, аурасы менен тартып турчу. Дин жаатында өтө чоң аалым болбосо дагы чечендик, элди өзүнө тартуу, ишендире билүү жагынан алдына киши салчу эмес. Ми­нистр болобу же президент ме­нен сүйлөшөбү, сөзү өтүмдүү болчу. Ысык-Көлдөгү Pyx ордонун ачылышында Ельцин, Назарбаев сыяктуу башчылардын да көңүлү түшкөн. Ал эми Акаев, Бакиевдер аны сыйлашчу, «Му­раталы ажы, эмне кылалы?» деп турушчу. Бизде ал сыяктуу узакка чейин муфтий болуп иште­ген адам болгон жок. Бирок, бийлик алмашкан сайын «бул Акаевдин адамы» же «Бакиев­дин адамы» деген нерселер аны көп кыйнады. Ал Акаевдин да, Бакиевдин да адамы эмес эле. Эгер ошол кезде Атамбаев болгондо, аны менен деле иштешмек. Өзү өтө билимдүү, диндин жоболорун жакшы түшүнгөн

-Биз кызыккан, аны уурдап кеткен окуя кандай болгонун өз оозунан уктуңүз беле?

-Бир күнү эртең мененки саат төрттөрдө телефон шыңгырап, «Мураталы ажыны уурдап кетиштиптир» деп айтышты. Үйүнө барсак, ага-ини, туугандар чогулуп калышкан экен. Үйүнө киргенде эле биринчи кабатынын оң тарабында конок бөлмөсү бар, ал ошол жерде жатчу экен. Ошо жаткан жеринен алып кетишиптир.

-Алып кеткенин көргөндөр бар бекен?

-Жок, эч ким көргөн эмес. Ошентип, кайда, эмне болгонун билбей отурдук, орган кызматкерлери келишти. Жерге жарык кире баштаган кезде аялына Мураталы ажы өзү чалып, «мен Байтиктин үстү жагында, Ала-Арчага кеткен жол тарапта, бак-дарактардын арасында жатам, келип алып кеткиле» деп чалат. Ак дамбал, жегдечен жылаңач таштап, качып кетишиптир. Мураталы ажы­ны үйгө алып келдик. Келгенден кийин баарыбыз эмне окуя болгонун сураштыра баштадык. Ал «уктап атсам эле 4-5 адам кирип келип, колумду кайрып, башыма мүшөк кийгизип, сыртка алып чыгып, машинеге отургузуп, алып кетишти. Ким эмне экенине түшүнгөн жокмун. Кандай машине экенин да билбейм» деди. Көчөлөр менен баратканда арттан болжолдуу МАИнин машинеси кууп, андан башка көчөлөр менен качышып, бир далдоо жерге кирип, машиненин бүт жарыктарын өчүрө коюшуп, дымын чыгарбай жатып калышып, анан куугун кеткенден кийин жүрүп кет­кенин үндөрүнөн билип атам» дейт. Жарым сааттай шаарды айланып жүрүшкөндөн кийин талаага алпарып, акча талап кылышыптыр. «1 миллион дол­лар бересиң» дешиптир. «Менде каякгагы миллион доллар? Үйдө машине бар, жер үлүшүм турат, башка менде акча жок» деп айтат. Айтканына ишенбей аябай токмоктошуптур.

-Токмок жеп кыйналганы, же денесинин көгөрүп, шишигени байкалдыбы?

-«Ички органдарыма, катуу урушту, кыйнашты» деп айтты. Бирок, биз көгөргөн жерин байкай алган жокпуз. Мүмкүн кийин дарыгерлер карап көр­сө керек.

-Текебаев айтып жатат го, «Жал кичи районундагы бир үйдө кармашып, экинчи кабаттан ыргытып кыйнашкан» деп. Бул чындыкпы?

-Мунусун билбейм. Себеби, бизге антип айткан жок. Адамдар үйүндө көп болчу, ки­рип келери менен жарым сааттай орган кызматкерлери ме­нен сүйлөштү. Анан биз сурай баштадык. Балким, орган кызматкерлеринен кандайдыр бир инструкцияларды алып, анан бизге чыкты го деп ойлоп жатам. Алар «азыр туугандарыңа айтсаң жайылып кетет, биздин операцияны бузат, сен ушинтип айтып кой» дешкенби деген ой ту­рат менде. Ошондуктан, өтө көп ачылбай окуя тууралуу айтканы эле ушу болду. Бизге айткандарынан бир гана нерседен окуянын учугун тапкандай болдум. Мураталы ажыны акча сурашып, көпкө чейин кыйнашат, бирок оң жооп болбогондон кийин бирөөсү айтьпггыр: «Сен тиги Ноокаттагы Саиджан карыдан акча сурабайсыңбы?» деп. Бул сөзүнөн кийин «кармап кеткендер биздин чөйрөдөгү, дин жаатындагы адамдардан го» деген ой кетги.

-Саиджан кары деген ким? Ал бай киши бекен?

-Саиджан кары Ош облусунун казысы болгон киши экен. Бай деле эмес, бирок бизнеси бар адам болчу. Анан «акчасы бар» деп ойлошкон окшойт. Са­иджан кары Мураталы ажынын атасынан да чоң киши эле, би­рок аны менен абдан жакшы мамиледе болчу. «Мен андан кантип акча сурайм?» десе, «биз телефон чалабыз, сен сурайсың, ошол жерден биздин балдар барып алат» дешиптир.

-Мураталы ажынын уурдалып, токмоктолушуна Аб­дулла Юсуповдун тиешеси бар деп ойлойсузбу?

-Абдулла Юсупов пакилдеген, кыргызчаны абдан так сүйлөгөн, саясатты жакшы билген, бийликтегилердин баарына компроматтары бар жигит бол­чу. Мен дин комиссиясынын төрагасы болуп турганда, мага бир нече жолу аялдардын тобун баштап келип, кабинетке бастырып кирип, «сен Мураталы ажы­нын тууганы болосуң, сенин бул жерде отурганга акың жок, кетесиң» деп айкыртып-кыйкыртып кетчү. Ошол эле аялдардын «биз азыр баланчаевге кирип, сөгүп чыктык, эми түкүнчөгө киришибиз керек» дешип Акүйдө жүрүшкөндөрүн көргөнмүн. Ошолор эле Мураталы ажыга да ажылдашып кирип, «кет эле кет» деп жүрүшкөн.

Бир күнү Мураталы ажы айтып калды: «Жолборс аке, Аб­дулла Юсупов менен биз жалпы тил табыштык» деп. Чоо-жайын сурадым. «Абдулла Юсупов мага өзү жалгыз ыйлап кирди, «Му­раталы ажы, кечирип коюңуз, сизди сыйлайм, мен азыр жаман абалда калдым, мобу аялдарды кетириш керек, тамак-аш, жол кирелерине 50 миң сом берсеңиз» деп ыйлап, бутума жабышты. Боорум ооруп кетти» дейт. «Мен сиз менен дос бо­лом, керек десеңиз куран кармайын» дептир. Мураталы ажы «анда эмесе жүр, үйдө биртике акчам бар» деп үйүнө ээрчитип келиптир. Үйүнөн 20 000 сомду «менде болгон акча ушул экен» деп берет. Абдулла болсо куран кармайт, экөө кучакташышып, «эми дос болдук, рахмат, бул акча менен эми тиги аялдар­дын жарым-жартылайын болсо да кетирейин» деп кетет. Ушул окуяны ошол күнү мага айтты, эртеси түшкө жетпей ММКлардан Абдулла Юсупов интервью берип жүрөт. «Мени кечээ Мура­талы ажы чакырып, акча сунуш кылды, бирок мен алган жокмун, мени сатып алгысы келди» деп. Ошондуктан мен Абдулла Юсуповду жеткен куу, калпычы, акча үчүн эч нерседен кайра тартпаган адам катары билем.

-Мураталы ажы ооручу беле?

-Мурда бизге оорудум деп эч качан айткан эмес. Кээде кардиологияга жатчу. Акаевдин дарыгери Толкун Мураталиев менен жакшы дос эле. 2010-жылдын 7-апрель күнү Мураталы ажы Киев көчөсүндөгү атайын (спец- больница) ооруканада, кар­диология бөлүмүндө пландык дарыланууда жаткан. Аянтта ок атылып, ызы-чуу болчу. Жанында 15 жылдай чогуу жүрүп, ишенимдүү, жакын адамы бо­луп калган, өзү эжесинин кызын алып берген Нурлан деген жигит бар эле. Ошол жигит Мура­талы ажыны ооруканага жаткырып, коштошуп кетет. Ал чыгып кеткенден кийин 5 мүнөттөн кийин эле айылдан Нурландын апасы чалат. «Мураталы ажы, Нурлан каякта?» деп. «Нурлан азыр эле менин жаныман кетти» десе, «мага чалышты Нур­ландын башына ок тийиптир, өлдү дешип атат го» деп эле балбалактап ыйлап баштаптыр. Көрсө, Нурлан чыгары менен эле ок тийиптир, акыркы чалган номери апасы болгон экен, ооруканага алпараткандар чалышып, апасы алса түз эле айтып коюшуптур. Мураталы ажы чуркап барса эле, М.Мамытов өзү чыгыптыр «бала болбой калды» деп. Бул баласындай болуп калган жакын адамынын өлүмү Мураталы ажы үчүн өтө чоң сокку болду.

Накен Касиевич бир күнү айтып калды, “Мураталы ажыда залалдуу жаман оору бар экен. Азырынча башталгыч этабында, ошондуктан Москвага Да­выдов деген күчтүү онколог досума жөнөтүп атам» деп. Мура­талы ажы Москвага барат, би­рок оору өтүшүп кеткен экен. Накен Касиевич туугандарын чакырып, «Мураталы ажынын оорусу акыркы стадияда экен, көп болсо 1-2 ай өмүрү калыптыр» деп айтты. Ал кезде Накен Касиевич онкология борборунда директор эмес беле? Мура­талы ажы Москвадан келип, ал жерде жатты, анан айылга барып келип, кайра жатты. Би­рок өзүнө дарты тууралуу айткан жокпуз. Анан бечара мени чакырат, «ооруну кантип эле табышпайт, бир жолун тапса болот го» дейт. Өмүрүнүн акы­ркы күндөрүнө жетип калганда М.Мамакеев, М.Мамытов, Н.Касиев болуп киришип, «аракетибизди кылдык, болбой калды» деп айтышыптыр.

Ар бир адамда эле рактын кандайдыр бир бүчүрү болот экен, ал уктап жата берет, анан жанагыдай адам абдан катуу стресс болгондо, булар ойгонуп кетет тура. Муну онкологдор тастыкташууда. Мураталы ажыда катары менен үч стресс абал болду да. Баласындай болуп калган жигит 5 мүнөттө өлүп калды. Тепкилеп атышып жумуштан кетиришти, эң катуусу, башына кап кийгизип, уурдап барып токмоктошкону болду. Ушунун баары ден соолугуна терс таасирин берип, дартын өрчүтүп жиберди го.

Жаркынай Эргешбаева

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: