Учурда №1-тергөө абагында кармалып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бир катар тарапташтары коронавирусту аныктоочу ПЧР-тесттен өтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Анализдер экс-премьер-министр Сапар Исаковдон, мурунку депутаттар Равшан Жээнбековдон жана Мээрбек Мискенбаевден, Президенттин Аппаратынын мурунку башчысы Фарид Ниязовдон, УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагынбаевден, Фархат Баабиевден, Канат Осмоналиевден жана Карыпбек уулу Рыпекбектен алынды.
Бардык анализдердин жыйынтыктары терс чыкты.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ