Тажикстанда белгилүү адвокат Бузургмехр Ёровдун ишин иликтеген Дүйшөмбү шаарынын мурдагы тергөөчүсү, подполковник Музаффар Хакимовдун соту өтүүдө. Ал ыйгарым укуктарынан аша чабууга айыпталууда.
Музаффар Хакимовдин иши менен Башкы прокуратура алектенип, быйыл январдын соңунда сотко өткөрүп берген. Жараян жабык эшик артында өтүп, күбөлөр көрсөтмө берди.
Материалдарга ылайык, Музаффар Хакимов ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Ёровдун ишин тергеп жатканда аны үй-бүлөсү менен жолуктуруп турган.
Башкы прокуратура башта Музаффар Хакимов пара алууга дагы айыпталганын, бирок бул далилденбегенин билдирди.
Тергөөчү Бузургмехр Ёровдун адвокаты даттангандан кийин 12-декабрда кармалган.
Тергөөчү кылмыш ишиндеги материалдарга таянып, Ёров адвокат болуп турганда кардарларынан акча алып, бирок алардын укуктарын коргоодон баш тартканын билдирген.
Ёровдун туугандарынын ырасташынча, алар тергөөчү менен келишим түзүп, 25 миң доллар чогулутуп берүүгө макул болушкан. Музаффар Хакимов бул каражатты “алданган” кардарларга таратмак.
Ёровдун туугандары кабарлагандай, акчаны тергөөчүгө 2015-жылы беришкен. Бирок каражатты ал кардарларга кайтарып берген эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ