Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Куттуу орун бош болбойт!”

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков аппарат жетекчиси Ф.Ниязовдун отставкасы тууралуу: 

– Фарид Ниязов мамлекетчил адам. Ал мамлекеттик башкаруудагы мыкты менеджер. Бул киши тууралуу эч качан жаман жазышкан жок. Силер билесиңер Фарид Ниязов менин шайлоо штабымды жетектеген. Ал штабга аппарат башчылык кызматтан келген. Шайлоодо мен жеңсем ал аппарат башчы болуп кайра келет деп сүйшөшкөнбүз.

Бир жума мурун ал кетип жатканын айтты. Чарчады го деп жумалык өргүү бердим. Мен Фарид Аблезимовичтин чечимин сыйлайм. Бул анын укугу. Куттуу орун бош болбойт. Мен эч качан эч кимден суранган эмесмин. Жанымда бул орунга татыктуу адамдар бар.

Мен Алмаз Шаршенович менен 20 жылдан бери досмун. Ушунча убакыт КСДП партиясына мүчө болуп жүрөм. Албетте мурдагы президенттин кеңеши маанилүү. Айрым учурда так ушул си­лер менен сүйлөшүп жаткандай эле кеңешебиз…

(ММК жетекчилери менен жолугушуусу учурунда)

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: