Menu

Кубанычбек Исабеков: «Бийлик АШАнын колунда турат, баарын иликтөөгө алып, чыркыраган чындыкты элге айтып чыксын, «Кудай карап турат» дей бербей»

Бөлүшүү:

Убагында вице-спикерликти аркалап, саясаттын аки-чүкүсүнө чейин билип,  аралашкан  Кубанычбек агай менен учурдагы саясый кырдаал боюнча маектештик. Анда сөз башынан болсун. 

– Агай, өкмөттүн отставкага кетиши, парламенттик коалициянын урашы боюнча эмне айта аласыз?

– Биринчиден, туруктуулукту, стабилдүүлүктү, экономиканын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген бирден-бир көрүнүш. Экинчиден, азыркы өкмөттүн курамы дагы, сапаты дагы анчейин. Баары белгилүү, президент парламенттик коалицияны чогултууга буйрук берет, толугу менен аткарылат. Себеби, министри да, акими да, губернатору да жылуу, жумшак креслону бошотууну каалабайт. Бийликти колдон чыгарып албоо максатында “СДПК” партиясын колдоп келишет. Эми “СДПК” партиясы “Бир бол”, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” партиялары менен бир парламенттик коалиция түзөт. Ал эми “Ата- Мекен” менен “Өнүгүү прог­ресс” партиялары оппозиция болуп калат. Бирок, түзүлгөн парламенттик коалицияны болочокто бекем болот деп айта албайм. Өкмөттүн составына профессионал, тажрыйбалуу инсандарды алып келбей, партиянын эле мүчөлөрүн алып келет. “Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” деген заманда жашап жатабыз.

– Атамбаев кыргыз элинин эгемендүүлүк майрамында табакташтарынын абийирин ачты… мунун кереги бар беле?

-Айтылган сөздөр менен жасалып жаткан иштер карама-каршы болуп келет. Ошол убактылуу өкмөт коррупциялык иштерге, мародерлукка аралашкан. Түштүктөгү кыргыз-өзбек чабышына катышышкан. Аны президент дагы ашкере кылып айтып койду.

Бийлик АШАнын колунда ту­рат, баарын иликтөөгө алып, чыркыраган чындыкты элге айтып чыксын. Ар бир сөзүндө “баарын Кудай көрүп турат” деп айта бербей. Төрт жылдан бери эл тынчтыкта өкүм сүрүп, стабилдүүлүк орноду. Президент бир нерсе болсо эле Акаевди, Бакиевди, Отунбаеваны айтып чыгат. Өткөн кеткендин былыктарын чукуп, элге айтуунун кереги жок. Эл тараза. Болгону тарыхтын катасын кайталап басып албашыбыз керек.

-Конституциянын түп нускасынын жоголушуна ким күнөөлүү?

– Убактылуу өкмөт, өкмөттүн аппараты жана ошол убактагы президент күнөөлүү. Кыргыз элинин конституциясынын түп нускасы жоголду деген, Кыргызстан Республикасынын Баш мыйзамы жок дегенди билдирет. Убактылуу өкмөт “сомапал” өкмөт. Баш мыйзамды өзгөртүүнүн кереги жок дегенде гана түп нускасы пайда болот. Баш мыйзамда карама-каршылыктар, каталар көп. Толуктоолор керек.

Нуркыз Бакасова

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: