Бүгүн, 12-март күнү Кесиптик бирликтер федерациясынын мүчөсү Эльдар Аглиулинге кол салышкан. Бул тууралуу ал журналисттерге өзү кабарлаган.
Ал Профсоюздар үйүнө келгенде, Мирбек Асанакуновдун тарапташтары ага кол салып, урушкананын айткан.
Профсоюздар үйүнө милиция кызматкерлери келишкен. Чыр-чатактын катышуучулары бири-бирине арыз жазышууда.
Буга чейин Профсоюздар федерациясынын кеңеши төрага Мирбек Асанакуновду кызматынан кетишин талап кылышкан. Ал эми Мирбек Асанакунов бул чечимди мыйзамсыз деп эсептейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ