Menu

Өзбекстан жана Кыргызстан чек арачыларына карапайым жарандарга ок атууга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Өзбекстан менен Кыргызстан эки өлкөнүн карапайым жарандарына каршы чек арачылардын ок атышына тыюу салуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев менен Өзбекстан Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара кошуундарынын башчысы Руслан Мирзаев кыргыз жаранынын өлүмүнө алып келген чек арадагы окуяны талкуулашты.

Эки өлкөнүн чек ара башчылары жергиликтүү акимдер жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге Мамай айлына барып, окуя болгон жерди карап чыгышты. Жолугушуунун жыйынтыгы менен ар тараптуу, дыкат иликтөө жүргүзүү үчүн эки өлкө өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, мындан тышкары мекеме жетекчилери аскер кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралбаса, карапайым жарандарга каршы ок чыгарбоо боюнча өздүк курамга тапшырма беришти.

Кыргызстандын 34 жаштагы жараны Фархад Мырзакалыковго Мамай айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында 7-апрелде ок атылган.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына караштуу чек ара кошуундары түшүндүрмө берип, Кыргызстандын жараны “чек ара тилкесин бузуп, Өзбекстандын аймагына киргенин, жоокердин эскертүүсүнө, абага ок атылганына да маани бербегенин, андан соң Кыргызстандын аймагына качып өткөнүн” билдирген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: